Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Толтоев: Ошто Грэпплинг федерациясынын алгачкы өкүлчүлүгү ачылды

© Sputnik / Асель СыдыковаГенеральный секретарь федерации грэпплинга Сейтек Толтоев
Генеральный секретарь федерации грэпплинга Сейтек Толтоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грэпплинг федерациясынын баш катчысы Сейтек Толтоев учурда спорттун аталган түрүн аймактарга жайылтуу аракеттери кызуу жүрүп жатканын айтты.
Толтоев: Ошто Грэпплинг федерациясынын алгачкы өкүлчүлүгү ачылды

Грэпплинг федерациясынын алгачкы өкүлчүлүгү үстүбүздөгү жылы Ош шаарында ачылды. Кийинки филиал Талас облусунда 2020-жылдын январь айынан тарта расмий ишин баштайт. Бул тууралуу Сейтек Толтоев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Грэпплинг федерациясынын учурдагы башкы максаттарынын бири ар бир облуска федерациянын өкүлчүлүктөрүн ачуу менен грэпплинг күрөшүн өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу болуп саналат.

"Грэпплинг күрөшүнүн Кыргызстанда пайда болгонуна 8-9 жыл эле болду. Салыштырмалуу, бул спорттун жаш түрүнө кирет. Ал NAGA (Түндүк Америка күрөш бирикмеси) , ADCC (Абу-Даби мушкерлер клубу) жана UWW (Бириккен күрөш уюму) деп үчкө бөлүнөт. Кыргызстанда грэпплингдин UWW түрүнүн федерациясы 2018-жылдын 3-августунда түзүлдү. Бул күрөш менен машыккан спортчуларыбыз эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде зор ийгиликтерди жаратышууда. Азыркы тапта эң негизги максат — грэпплингди олимпиадалык спорт түрлөрүнө кошуу. Бул багытта дүйнөлүк деңгээлде жигердүү аракеттер көрүлүп, биздин федерация да демилгени колго алуу менен аталган спорт түрүн өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуунун камын көрүүдөбүз. Үстүбүздөгү жылы федерациянын алгачкы өкүлчүлүгү Ош шаарында ачылды. Андан кийинки филиалды Таласта түптөдүк. Ал 2020-жылы январдан тарта расмий ишин баштайт. План боюнча мындай өкүлчүлүктөрдү бардык облустарда түзөлү деп жатабыз. Анткени анын аркасы менен ортодо атаандаштык күчөп, спортчулардын деңгээли да өсөт. Өз учурунда кийин грэпплинг спорттун олимпиадалык түрлөрүнө кошулса, биз ага даяр болобуз", — деди Толтоев.

Ошондой эле ал жыл аягына чейин грэпплинг боюнча Бишкектин ачык биринчилиги жана келерки жылы 11-12-январда Кыргызстандын чемпионаты өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0