Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: муниципалдык жерди ижарага алуу электрондук системага өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу борбор калаанын мэриясындагы юридикалык группанын жер тилкесин берүү боюнча алты жаңы жобо иштеп чыкканын айтты.
Сагындык уулу: муниципалдык жерди ижарага алуу электрондук системага өтөт

Муниципалдык жерди алып иштеткен ижарачы өз убагында салыгын төгүп, берилген аянтынан чыкпай адилеттүү иш алып барса, менимче бул боюнча маселелер чыкпайт эле. Мындай пикирин Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер тилкелерин ижарага алган 3000 киши болсо, анын жарымы өз тилкесинен чыгып мыйзам бузгандар.

"Калаабызда муниципалдык жерлер ар кандай багытта ижарага берилген. Биздин негизги максатыбыз ошол пайдаланууга берилген жерлердин туура иштетилишин көзөмөлдөп, салыктарын убагында чогултуу болуп саналат. Мэр Суракматовдун тапшырмасы менен социалдык имарат болгон мектеп, бала бакчанын жер тилкелерин инвентаризациялап, аянтын аныктап документтерин мыйзамдаштыруу иштерин алып бардык. Анын ичинен 109 мектептин тилкесин карап чыгып, 91ине кызыл китеп берилди. Калгандары боюнча комплекстүү тактоо иштери жүрүп жатат. Алсак, айрым мектептердин аймактарына кафе, дүкөн, жада калса жеке турак жайлар кирип кеткен. Ушундай жерлерди кайтарып мэрияга өткөрүп жатабыз, алар кошумча блокторду курууда. Мисалы, борборубуздагы №12 мектепке корпустар салынды. Ошондой эле жөө адамдарга ыңгайлаштыруу үчүн сейил бактар курулуп жаткан аймактардагы муниципалдык жерлер кайтарылып жатат", — деди Сагындык уулу.

Ал 2020-жылы жер реформасынын алкагында муниципалдык жерди ижарага алуучулар электрондук портал аркылуу ачык-айкын, коррупциясыз, бирдей шарт менен өзүнүн баасын сунуштай аларын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0