Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Өрт көзөмөлү башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов. Архивное фото

Асанов: көп кабаттуу үй алдында тез татым жайларын иштетүүгө болбойт

54
(жаңыланган 17:30 18.11.2019)
Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Өрт көзөмөлү башкармалыгынын башкы инспектору Жумгал Асанов 2018-жылдын 22-августунда өкмөт өрт коопсуздугунун эрежелерин жана ченемдерин сактоо боюнча №380 токтомун бекиткенин айтты.
Асанов: көп кабаттуу үй алдында тез татым жайларын иштетүүгө болбойт

Өкмөттүн №380 токтомунун 306-беренесине ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында суюк газ жана газ баллон менен иштеген, ошондой эле тез күйүүчү курулуш материалдары менен жабдылган тез татым жайларынын иштөөсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу Жумгал Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эрежеге ылайык тез татым жайлары газ баллон сыртта жайгашкан, өрткө туруштук бере алган курулуш материалдарынан салынган, өзүнчө имаратта жайгашуусу талап.

"Бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдүн астында иштеген тез татым жайлары абдан көп. Алардын басымдуу бөлүгү газ баллон колдонушат. Негизи өкмөттүн өрт коопсуздугунун эрежелерин жана ченемдерин сактоо боюнча 2018-жылы кабыл алынган №380 токтомуна ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында суюк газ жана газ баллон менен иштеген, ошондой эле тез күйүүчү курулуш материалдары менен жабдылган тез татым жайларынын иштөөсүнө тыюу салынат. Өз учурунда көзөмөлдөөчү орган болгон Экотехинспекция ишкерлерди текшерүүгө бөгөт болгон мораторийге байланыштуу андай жайларды текшерип, тийиштүү чараларды көрө албай жатат. Текшерүү үчүн Экономика министрлигинин атайын уруксат кагазы керек. Бирок эгер көп кабаттуу үйдүн тургундары тез татым жайы коопсуздук эрежелерин бузуп жатат деп арыз жаза турган болсо, биз ошол кайрылуунун негизинде тийиштүү иштерди алып барабыз", — деди Асанов.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө пландык гана текшерүүлөр жүрүп турарын жана ал текшерүүгө алына турчу объектинин ээсине алдын ала 10-15 күн мурун кабарланып, анан кийин ишке ашарын кошумчалады.

54
Белгилер:
токтом, өкмөт, тез татым, газ баллон, көп кабаттуу үй
Тема боюнча
Асанов: жарылуу болгон тез татымда түшүндүрүү иштери 4-июнда өткөн
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров

Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат

34
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бала асырап алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр порталы түзүлгөнүн айтты.
Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат

Жарандар үйүндө отуруп алып, бала асыроого арыз бергенге мүмкүнчүлүк алды. Эми алар бюрократиялык кыйынчылыктарга туш болушпайт. Бул тууралуу Улукбек Кочкоров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, портал бала асырап алуудагы коррупциялык элементтерди токтотот.

"2020-жыл "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы" деп жарыяланган. Анын алкагында балдарды асырап алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу тапшырмасы коюлган. Мына ушуну ишке ашыруу максатында бала асырап алуу процедурасы толугу менен автоматташтырылды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде атайын электрондук портал түзүлдү. Анда жарандар бала асырап алуу үчүн үйүнөн арыз бере алат. Арыз берилгенден кийин атайын пароль, логиндер ыйгарылып, асырап алуучу катары катталат. Натыйжада аларга өлкө боюнча багып алууга мумкүн болгон балдардын базасына кирүүгө жана көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Системага тапшырык берилгенден кийин жети сутка өткөн соң бала менен жолугууга уруксат болот. Башкача айтканда, бала асырап алуучулар кызмат көрсөткөндөрдүн бюрократиялык аракеттерине туш болбойт", — деди Кочкоров.

Министр ошондой эле портал балдардын коопсуздугун камсыздай ала турганын кошумчалады.

34
Белгилер:
коопсуздук, бюрократия, бала, Улукбек Кочкоров
Тема боюнча
Башкы прокуратура: зомбулукка кабылган балдар көбөйүп жатат
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу

Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

32
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу өлкөгө мультимодалдык маршрут аркылуу жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Маткерим уулу: Түркиядан жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрут ачылды

Түркиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Түркияга жүк ташуу үчүн мультимодалдык маршрутту жандандыруу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мультимодалдык маршрут — бул темир жол, деңиз аркылуу жана автоунаа менен жүк ташуу.

"Кыргызстанга бир канча унаа каражаттары менен жүк ташуу маршрутун жандандыруу колго алынууда. Ага ылайык, Түркиядан темир жол менен жүктөлгөн жүк Грузиядан өтүп, Азербайжандан Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстанга чейин келет. Ал жактан поезд менен Өзбекстан аркылуу Ошко, ал жерден башка аймактарга автоунаа менен ташылат. Бул маршрут мурдатан эле бар болчу, бирок жүк ташуучулар тарабынан колдонулчу эмес. Анан пандемияга байланыштуу Казакстан аркылуу автоунаа менен жүк ташуу татаалдашты. Себеби айдоочулар обсервацияга жатып, ташылып жаткан жүк кармалып калып жатты. Ал эми темир жол аркылуу ташылган жүк адамдардын байланышын азайтат. Ошондой эле автоунаа менен жүк ташууга салыштырмалуу арзан түшөт. Анткени автоунаада товар чыгарылган жерден акыркы кардарга жеткенче логистикалык кызматтын да баасы кошулуп калат", — деди Маткерим уулу.

Ошондой эле ал аталган маршрут аркылуу Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен товар айлантууга ыңгайлуу боло турганын кошумчалады.

32
Белгилер:
логистикалык борбор, темир жол, жүк ташуучулар
Тема боюнча
Кыргызстан менен Түркиянын авиабайланышы качан жанданары айтылды
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди