Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алиев: ветеринардык инспекция өтө начар иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Алиев
КРдин мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Алиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин төрагасы Самат Алиев ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция мал доктурлардын чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды, мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруучу орган экенин айтты.
Алиев: ветеринардык инспекция өтө начар иштеп жатат

Бүгүнкү күндө ветеринардык инспекция өтө начар иштеп жатат. Мындай пикирин Самат Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ведомстводо иштеген 1029 кызматкер 2018-жылы болгону төрт миңдин тегерегинде гана текшерүү иштерин жүргүзгөн.

"Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бүгүнкү күндө өз милдеттерин толук кандуу аткарбай жатат. Курамында 1029 кызматкери бар бул мекеме 2018-жылы болгону 4 миңдин тегерегинде гана текшерүү иштерин жүргүзгөн. Бул жерде лабораторияда иштеген 250 кишини эске албаганда 779 кызматкер бар. Алардын ар бирине 4 миңдин айланасындагы текшерүүнү бөлсөк бир инспекторго 4-5 объект туура келет экен. Болжол менен алар 3 күн иш алып барышса жалпысынан бир жылда 25 күндөй иштеген болот. Ал эми жыл ичинде 250дөн ашык иш күнү бар. Мындан улам калган убакыт аралыгында инспекторлор эмне менен алек болушту деген суроо туулуп жатат. Ошол себептен аталган инспекциянын иши жогору жактан көзөмөлгө алынып, бул кызматтын ишмердүүлүгүнө тийиштүү баа берилиши керек", — деди Алиев.

Ошондой эле ал ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторийдин айынан эт сатуучулар да көзөмөлгө алынбай, эт фитосанитардык эрежелер сакталбаган абалда алып келинип, ошол бойдон сатыкка чыгарылып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0