Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Тодогелдиев

Тодогелдиев: оор кырдаалда калган балдарды табуу боюнча база түзүлүп жатат

(жаңыланган 11:21 21.11.2019)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Тодогелдиев турмуштук оор кырдаалда калган балдарды табуу жана аларга автоматтык түрдө жардам көрсөтүү базасы иштелип чыкканын айтты.
Тодогелдиев: оор кырдаалда калган балдарды табуу боюнча база түзүлүп жатат

Быйыл өкмөт тарабынан балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүү планы кабыл алынды. Бул тууралуу Бакыт Тодогелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, министрлик 2015-жылдан бери интернат тибиндеги жайларды аккредитациядан өткөрүп келет.

"Бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жыл башынан бери өкмөттүн буйругунун негизинде үймө-үй кыдырып, балдардын абалын текшерүү иштерин жүргүздү. Бул иш-чаранын алкагында 107 миң баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталган. Анын ичинен 82 миң баланын ата-энеси чет мамлекетте жүрөт. Мамлекеттин жардамына муктаж балдарды аталган тизмеге камтыдык. Бала багып алуу же ата-энесиз калган балдар кандай учурда интернатка кабыл алынат, бул боюнча да иштер жүрүп жатат. 2016-жылы интернатка бала кандай себеп менен качан кабыл алынганын толук көзөмөлдөө жобосу сунушталган, быйыл кабыл алынып иштеп баштады. Ушул жылдан баштап турмуштук оор кырдаалда калган балдарды табуу жана аларга автоматтык түрдө чара көрүү боюнча ЮНИСЕФтин жардамы базасы түзүлүп жатат", — деди Тодогелдиев.

Ал азыркы учурда база шаардагы төрт райондогу башкармалыкта пилоттук негизде иш жүргүзүп жатканын, кийинки жылдан баштап башка аймактарда да иш алып барарын кошумчалады.

Белгилер:
интернат, балдар
Тема боюнча
Өкмөт үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө ар бир бала үчүн 50 миң сомдон бермей болду
Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Өсүмдүк таануучу Абдыганы Абдыгапаров Кыргызстанда органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү үчүн туура баа коюлушу керектигин айтты.

Айдоо талааларына изилдөөлөрдү жүргүзүп, атайын лабораториялар курулса продукциянын сапатын көзөмөлдөө оңой болот. Мындай пикирин Абдыганы Абдыгапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.

Абдыгапаров: органикалык продукцияны көбөйтүүгө кооперативдер керек

Анын айтымында, дыйкандар органикалык продукцияны көп көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштөөсү зарыл.

"Бизде органика өнүгүшү үчүн ага коюлган туура баа болушу керек. Ошондо табигый продукцияларды өстүргөн дыйкандардын саны да көбөйөт. Мисалы, химикат колдонгон дыйканга салыштырмалуу органикалык өсүмдүк өстүргөндөрдүн түшүмү аз болот. Бирок баасы бирдей жана түйшүгү көп болгондуктан минералдык жер семирткичтерди колдонууга өтөт. Органикалык продукцияны атайын лабораторияларда текшерүү керек. Тилекке каршы, заманбап технологиялык лабораториялар жокко эсе. Дыйкандар органикалык продукцияны ири көлөмдө экспорттоо үчүн атайын ассоциация же кооператив түзүп тыгыз байланышта иштесе жыйынтык жакшы болот", — деди Абдыгапаров.

Ошондой эле адис айыл чарбасында жер семирткичтерди туура колдонуу дыйкандын ишин бир топ жеңилдетерин кошумчалады.

Белгилер:
жер семирткич, айыл чарба, агроном
Тема боюнча
Кыргызстанда минералдык жер семирткич экспорттоого тыюу салынды
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

(жаңыланган 13:24 13.04.2021)
Невролог, КММАнын А. Мурзалиев атындагы неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Кундуз Карбозова азыркыга чейин Паркинсон оорусунун пайда болушунун так себептери аныкталбаганын айтты.

Англиялык дарыгер Жеймс Паркинсон ооруну изилдеп, илдет тууралуу кагаз бетине жазып чыккан. Ошентип дартка анын ысымы коюлуп калган. Бул тууралуу Кундуз Карбозова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Карбозова: Паркинсон оорусу тукум кууйт

Анын айтымында, белгисиз себептерден улам Паркинсон илдети менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт.

"Паркинсон оорусу — нерв системасынын нейродегенеративдүү оорусу. Башкача айтканда мээнин кайсы бир бөлүгүнүн нейрондорунун өлүшү менен коштолот. Мээдеги нигро субстанция (же кара субстанция) деп аталган бөлүгү дофамин затын бөлүп чыгарат. Ал биздин кыймыл-аракет, эс тутум, маанайга таасир эткен нерв системабыздын эң белгилүү нейротрансмиттеринин бири. Бул зат азайганда Паркинсон оорусу пайда болуп, адамдын кыймыл-аракети бузулат. Бейтап кыймылдай албай, тең салмактуулукту сактай албай калат. Андан тышкары, эс тутум өзгөрүп, деменция (ой калчоонун жайлашы — ред.) байкалат. Паркинсон 1755-1756-жылдардан бери изилденип келгени менен азыркыга чейин оорунун пайда болушунун так себептери белгисиз. Ошентсе да мында генетикалык мутациялар болору аныкталган. Демек, тукум кууйт. Аталган дарт менен 60 жаштан кийинки курактагы, кээде 40 жаштагы адамдар, химиялык заттарды көп пайдалангандар ооруп калат. Илдет Паркинсон оорусу жана паркинсонизм деп да бөлүнөт. Биринчисинде жогоруда аталган белгилер болсо, экинчиси баш сөөк жаракат алганда, инсульттан кийин байкалышы мүмкүн", — деди Карбозова.

Невролог аталган илдетте ырахат нейротрансмити болгон дофамин азайгандыктан, адам суусап туруп суу ичсе, ачка болуп туруп тамак жесе ырахат ала албай турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кундуз Карбозова, маанай, мээ, дарт
Тема боюнча
Интеллектуал адамдар кайсы ооруга көп кабылат? Дарыгердин пикири
Өсүмдүк майы. Архив

Россия суу май экспорттоодо эркин пошлина киргизет. Кыргызстанга таасири

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги Россия өсүмдүк майын экспорттоого киргизип жаткан пошлинанын жаңы түрү Кыргызстанга көлөкөсүн түшүрбөйт деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия ушул жылдын 1-сентябрынан тарта күн карама майын экспорттоого эркин пошлина системасын киргизгени турат. Бул тууралуу март айынын соңунда РФтин экономикалык өнүгүү министри Максим Решетниковго шилтеме берип "Известия" басылмасы кабарлаган.

Sputnik агенттиги жагдайдын Кыргызстанга кандай таасир этерин карап көрдү.

Эркин пошлина деген эмне?

Бул учурда пошлинанын суммасы товардын көлөмү жана баасын эске алуу менен кырдаалга жараша ар кандай болот. Башкача айтканда, кайсы бир баа аныкталып, товар андан арзан сатылса, пошлина алынбайт. Эгер андан кымбат сатыла турган болсо, мурда аныкталган баа менен азыркы сатылып жаткан нарктын ортосундагы сумманын 70 пайызы пошлина катары мамлекеттик бюджетке төлөнөт. Калган 30 пайызы өндүрүүчүнүн өзүндө калат. Адатта бийлик мындай системаны өз экономикасына пайда алып келүү үчүн, тагыраагы, бааларды ооздуктап, ошол эле учурда өндүрүүчүлөргө дагы киреше калтыруу үчүн киргизет.

Максим Решетниковдун айтымында, Россия өкмөтү жогоруда айтылып жаткан, андан жогору болгон учурда пошлина алынчу бааны аныктай элек.

"Эмне себептен пошлинанын жаңы түрү 1-сентябрдан тарта киргизилүүдө? Анткени өкмөт түшүмдү байкап туруп, ошого карата чечим кабыл алат", — деди министр.

Кыргызстанга кандай таасир этет?

Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз камсыздай алат. Калганын башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан алат. Мисалы, 2020-жылы РФтен биздин өлкөгө 37 миң тонна өсүмдүк майы импорттолгон. Негизи эле Россия ЕАЭБ өлкөлөрүн суу май менен камсыздаган ири өндүрүүчү болуп эсептелет.

Былтыркы жылдын жайында Россиянын түштүгүндө кургакчылык болуп, түшүмдүүлүк азайган соң өсүмдүк майы биримдикке кирген өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда дагы (57 пайыздан көбүрөөк) кымбаттаган.

Бул жагдайларды эске алуу менен премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси Кубат Рахимов эркин пошлина Кыргызстанга зыян келтирбейт деп эсептейт.

"Ири өндүрүүчү болуп эсептелген Россиянын ички рыногунда баалардын туруктуу же арзан болушу ЕАЭБге кирген башка өлкөлөргө дагы пайдасын тийгизет. Интеграция иштей баштаганын ушундан байкаса болот", — деди ал.

Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги дагы ушундай эле пикирде. Ведомствонун адистеринин айтымында, эркин пошлина экономикалык биримдикте турган өлкөлөргө көлөкөсүн түшүрбөйт.

Белгилер:
пошлина, баалар, Өсүмдүк майы, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда баалардын өсүшү качан токтойт. ЕАӨБ божомолун айтты
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар