Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшекеев: эреже боюнча газ баллон имараттын сыртында болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азиз Бейшекеев
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азиз Бейшекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Азиз Бейшекеев учурда коомдук тамактануучу жайлардын көбүндө газ баллон пайдаланыларын, бирок аны туура колдонуу эрежелери сакталбай жатканын айтты. 
Бейшекеев: эреже боюнча газ баллон имараттын сыртында болушу керек

Өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык, газ баллонду имараттын ичине жайгаштырып колдонгон болбойт. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 8-ноябрь күнү тез татым жайында болгон жарылуу дал ошол газ жабдууларын колдонуу эрежелери туура сакталбагандыктан жана газ баллондор имараттын ичинде жайгашкандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.

"Өрт коопсуздугунун эрежелерине ылайык, газ баллон имараттын сыртында, эшик-терезеси жок, туюк дубалдын артында жайгашуусу керек. Ал желдеп тургандай болуп, атайын темир тордон жасалган кутучада болууга тийиш. Ошондой эле газ өткөрүүчү түтүктөр жана редуктор байма-бай текшерилип туруусу шарт. Анткени желимден жасалган айрым жабдыктар эскирип, газды сыртка чыгарышы мүмкүн. Бул эң жөнөкөй коопсуздук эрежелери болуп саналат. Бирок, тилеке каршы, алар да аткарылбай жатат. Буга "Антошка" тез татым жайындагы жарылуу далил. Алдын ала божомолдор боюнча, ал жакта бир эмес, төрт газ баллон имараттын ичинде жайгашып колдонулуп келген", — деди Бейшекеев.

Ошондой эле ал бардык коомдук жайларда чака, күрөк, балта, өрт өчүргүч, кум, суу өңдүү алгачкы өрт өчүрүү шаймандары сөзсүз болушу керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0