Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын гепатология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Идирисова

Идирисова: өлкөдө 4774 киши сарыктын беш түрү менен ооруйт

133
(жаңыланган 11:32 21.11.2019)
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын гепатология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Идирисова Кыргызстанда гепатит илдетинин A, B, C, D жана E түрлөрү кездешерин айтты.
Идирисова: өлкөдө 4774 киши сарыктын беш түрү менен ооруйт

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4774 киши сарык менен ооруйт. Бул тууралуу Чолпон Идирисова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каттоодо турган 4774 бейтаптын ичинен 57си — жаш балдар.

"Бүгүнкү күндө гепатит илдетинин A, B, C, D, E, F,G жана T деген сегиз түрү бар. Булардын арасынан Кыргызстанда оорунун A, B, C, D жана E түрү көп кездешет. Калган үчөө биздин өлкөдө жок. Расмий маалыматка ылайык, учурда республика боюнча сарык илдетине чалдыккан 4774 киши каттоодо турат. Алардын ичинен 57си — жаш балдар. Гепатит адамга эки жол менен жугат. Биринчиси — тазалыкты сактабагандыктан. Мындай учурда сарыктын А түрүн жуктуруп алуу коркунучу бар. Экинчиси — кан аркылуу, ооруканалардан, сулуулук салондорунан жана көпчүлүккө бир эле жабдык колдонулган жайлардан B, C, D жана E түрү адамга өтүшү ыктымал. Сарыкты жугузуп алган киши ооруп жатканын билбей да жүрө бериши мүмкүн. Ошол себептен жылына бир жолу гепатитке анализ тапшырып, текшерилүү керек. Дарттын алгачкы белгилери — эти ысуу, баш айлануу, заара менен заңдын өңүнүн бузулуусу жана шалдырап, көпкө уктоо", — деди Идирисова.

Ошондой эле ал сарыкты элдик медицинанын жардамы менен дарылоого болбой турганын, аны айыктыруу үчүн сөзсүз дарыгерге кайрылып, тийиштүү препараттарды алуу керектигин кошумчалады.

133
Белгилер:
тазалык, оору, гепатит, сарык
Тема боюнча
Чокморова: СПИДди жеңүү үчүн алдыбызга 90-90-90 деген максат коюлган
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев. Архивдик сүрөт

Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

18
(жаңыланган 16:59 05.12.2020)
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен республика боюнча өрт 38,9 пайызга аз катталганын маалымдады.
Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

Бул жылы өлкө боюнча 2 045 өрт кырсыгы катталган, бирок кыштын келиши менен күч алып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өрттүн чыгуусуна көбүнчө адамдык фактор таасирин тийгизип жатат.

"2020-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча статистикага токтоло турган болсок, республика боюнча 2045 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38,9 пайызга азайганын айгинелейт. Ал эми келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 473 миллион сомдон ашканы менен өткөн жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайганынан кабар берүүдө. Бирок сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары көбөйө баштаганы байкалууда. Күз-кыш мезгилинин келиши менен от жагуу, электр жабдыктарды колдонуудан улам бир суткада республика ичинде 20-25 өрт кырсыгы катталууда", — деди Бейшекеев.

Ал өрттүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлө турганын кошумчалады.

18
Белгилер:
Кыргызстан, кыш, өрт
Тема боюнча
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү
Кыргызгидрометтин атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипова

Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

17
Кыргызгидрометтин атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипова Бишкекте мезгилге карабастан атмосферанын булганышы дайыма нормадан ашык болорун айтты.
Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун алкагында Кыргызгидромет Азия өнүктүрүү банкы менен меморандум түздү. Ага ылайык, Бишкектин бардык аймагында абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулганы жатат. Долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке ашып калат деген үмүттөбүз. Бул тууралуу Бегайым Алипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте жаан жаап, катуу шамал болгондо атмосферада кармалган кир заттар таркап, аба тазара түшөт.

"ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттиги 1970-жылдан бери атмосферанын булгануусуна байкоо жүргүзүп келет. Азыркы учурда абанын нормасын текшерген жети стационардык станция Бишкек шаарынын ар кайсы жеринде жана бир автоматтык станция шаардын түштүк-батышында жайгашкан. Борборубузда абанын булганышы мезгилге карабастан дайыма нормадан ашык болуп келет. Бирок кышында атмосфера андан да көбүрөөк булганат. Мисалы, айдын башында кирдетүүчү заттардын орточо 1,5-5 эсе суткалык нормадан жогору болгонун байкадык. Негизи абанын булганышына байкоо Кыргызстандын беш шаарында жүргүзүлөт. Анын ичинен эң кири — борбор калаабыз. Ал эми калаанын чок ортосунун абасы өтө кир. Биздин изилдөөлөрдү мамлекеттик муниципалдык жана башка мекемелерге таратабыз. Ушул жылдын күз мезгилинен баштап тесттик режимде абанын булганышын божомолдоо аракеттери көрүлүп баштаган. Азыр синоптиктерибиз күндүн табы, шамалдын ылдамдыгынан сырткары күн сайын абанын тазалыгы тууралуу да маалымат берип жатышат", — деди Алипова.

Ал meteo.kg сайтына атмосферанын булганышы боюнча маалымат күнүгө саат 10.00дө жана 16:00дө чыгып турарын кошумчалады.

17
Белгилер:
булгануу, аба, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен