Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самаганова: медиктер зомбулук көргөн балдарга мамиле жасоону үйрөнүшөт

© Sputnik / Асель СыдыковаГлавный специалист лечебного Управления Минздрава КР Бермет Самаганова
Главный специалист лечебного Управления Минздрава КР Бермет Самаганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Бермет Самаганова зомбулукка кабылган балдарды текшерген медициналык кызматкерлер аларга аяр мамиле жасоо боюнча окуудан өтүшөрүн айтты.
Самаганова: медиктер зомбулук көргөн балдарга мамиле жасоону үйрөнүшөт

Запкы жеп түшкөн балдарды көрүп зээниң кейийт. Бул тууралуу Бермет Самаганова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, медициналык кызматкерлер кыйноолордун алдын алуу боюнча бир топ иш-аракеттерди жүргүзүшкөн.

"2019-жылы ведомство аралык чоң жумушчу топ 12 стандарт киргизди. Анын ичинде зомбулукка кабылган балдарга кандай мамиле жасап, дарыгерлер кантип көзөмөлдөн өткөрүүсү керектиги көрсөтүлгөн. Себеби алар өтө чоң психологиялык травма алып калышат. Мисалы, эрте кош бойлуу болгон өспүрүмдөргө тийиштүү мамиле жасап, туура кам көрүү зарыл. Бул багытта дарыгерлер окуулардан өтүүдө. Андан тышкары, мыйзам боюнча ар бир адам вакцина алууга укугу бар деп жазылат. Эмдөөнү алабы же жокпу, адам өзү чечет. Ал эми балдарды эмдөөдөн өткөрбөй алардын укугун ата-эне чектеп жатпайбы. Алар, тескерисинче, баланы эмдөөдөн өткөрүп, оорулардын алдын алалы деп ойлонушу керек", — деди Самаганова.

Ошондой эле Кыргызстан боюнча кабыл алынган кыйноолорго каршы Стамбул протоколу абдан жакшы иштеп, мыкты жыйынтык берип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0