Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: зергерлерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов даяр зергерлерге, зер буюмдарды жасоочу жабдыктарга жана Кыргызстанга алып келинген сырьёлорго салынган кошумча нарк салыгынан беш жылга бошотуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканын айтты.
Акматов: зергерлерди салыктан бошотуу боюнча мыйзам каралууда

2018-жылы жергиликтүү зергерлер 43 килограмм алтын, 38 килограмм күмүш буюмдарды жасашты. Бул өтө эле аз, керек болсо тонналап жасашыбыз керек. Ал эми сырттан 1 тонна 366 килограмм алтын, 4 тонна 551 килограмм күмүш импорттолду. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда зергерлик боюнча 956 ишкана бар, 2018-жылы мамлекетке 50 миллион сом салык төгүлгөн.

"Кыргызстандагы зергерчилик тармагын өнүктүрүү багытында бир топ иштер аткарыла баштады. Бизде кошумча нарк салыгы боюнча көйгөйлөр бар эле. Азыркы учурда бул жаатта жеңилдик берүү боюнча депутаттардан жана ишкерлерден турган жумушчу топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Кошумча нарк салыгынан беш жылга бошотуу боюнча мыйзам долбоору коомдук угуудан өтүп жатат. Бул жеңилдик ишке ашса зергерлик тармагы өнүгүү жолуна түшөт. Өлкөбүздүн экономикасын көтөргөн номер биринчи тармак болуп калат", — деди Акматов.

Ал мыйзам ишсе кирсе 5 жылдын ичинде 4000дей жумуш орду түзүлөрүн, алардын орточо айлыгы 450 доллар болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0