Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абжапарова: мамлекеттик кызматта иштебегендер да ипотека ала алат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова бул күнгө чейин аталган мекеме аркылуу 4400дөн ашуун адам турак жайга ээ болгонун айтты.
Абжапарова: мамлекеттик кызматта иштебегендер да ипотека ала алат

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы эми мамлекеттик кызматта иштебеген кардарларга да үстөк пайызы төмөн ипотекалык кредиттерди бере баштады. Бул тууралуу Элмира Абжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана быйыл 897 миллион сомдук насыя берген.

"Жакындан баштап мамлекеттик тармактарда эмес, жеке фирмаларда эмгектенген адамдарга да ипотекалык кредиттерди бере баштадык. Мындай насыя алууну каалагандар РСК, Кыргызстан жана KISB банктарына же түз эле компаниянын өзүнө кайрылса болот. Шарты мамлекеттик кызматкерлерге берилген кредиттердей эле. Мисалы, кардар өзү жашаган аймактан 60 чакырым айланадан гана турак жай сатып ала алат. Башкача айтканда, аймактарда жашаган кардарга борбордон ипотека берилбейт. 10 пайыз менен 15 жылга чейинки аралыкта үч багытка берилет", — деди Абжапарова.

Ал ошондой эле аталган долбоор немец өнүктүрүү банкынын көмөгү менен ишке ашып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0