Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асаналиева: элдик театрдагы спектаклдер ар дайым акысыз көрсөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековХудожественный руководитель народного театра "Жалын" Кыял Асаналиева
Художественный руководитель народного театра Жалын Кыял Асаналиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти, драматург, "Жалын" элдик театрынын көркөм жетекчиси Кыял Асаналиева аталган театрга 30 жыл толгондугун билдирди.
Асаналиева: элдик театрдагы спектаклдер ар дайым акысыз көрсөтүлөт

Элдик театрдын өзгөчөлүгү артисттер да, режиссерлор да профессионал эмес, элден чыккан таланттар болот. Театр ушунусу менен көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Мындай пикирин Кыял Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаарында түптөлгөн "Жалын" элдик театрында 30 жыл аралыгында 800дөй студент иштеп кеткен.

"Театрдын түйшүгү түмөн. Бизде эч кандай демөөрчү, жардамчы же колдоочу деген жок. Бардык ишти өзүбүз жасайбыз. Каражатты да өзүбүз таап, костюм тигип, өз акчабызга гастролдорго чыгабыз. Театр түзүлгөндөн бери Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 800дөй студенти эмгектениптир. Алардын алдыңкылары учурда бүтүндөй республикага таанылган инсан болушса, арты айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңешке депутат болуп калышты. Өзүмдүн калемимден жаралган жана дүйнөлүк классикадагы пьесаларды коебуз. Спектаклдер элге ар дайым акысыз көрсөтүлөт. Труппа ар кайсы факультеттин студенттеринен түзүлгөн. Окуп да, иштеп да, театрда ойноп да жетишкен жаштардын жалыны менен элдик театрыбызга 30 жыл толуп отурат", — деди Асаналиева.

Драматург "Жалын" элдик театрынын алдында куурчак театры түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0