Серепчи Улан Шамшиев

Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат

99
Серепчи Улан Шамшиев азыркы учурда Кыргызстандын аймагында төрөлгөндүгү тууралуу эч кандай маалыматы жок балдар мектепке кире албай, медициналык жардам ала албай кыйналып жатышканын айтты.
Шамшиев: мигранттардын 200 миңдей баласы соцкызматтарды колдоно албай жатат

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ата-энеси миграцияда жүргөн балдар боюнча изилдөө жүргүзүлгөн болчу. Анын жыйынтыгында 200 миңге жакын баланын ата-энеси мигрант экени аныкталган. Бул тууралуу Улан Шамшиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси мигрант болуп жүргөн балдарды убактылуу камкордукка алуунун механизми жакшы иштебей жатат.

"Азыркы учурда ички жана өзгөчө сырткы миграция күч алган убак. Миллиондогон ишке жарамдуу кыргыз жарандары чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Бул балдарга өтө терс таасирин тийгизип, алар толук эмес үй-бүлөдө өсүп жатышат. Жетиштүү тарбия албай, социалдык кызматтарды колдоно албай калышууда. Балдарды мектепке орноштуруу, медициналык жардам көрсөтүүдөгү кыйынчылык документтеринин толук эместигинен чыгып жатат. Балдар кодексинде ата-энеси балага камкордук кыла албай калган учурда аны сөзсүз түрдө камкордук кыла турган же көзөмөлгө алган бирөөнү дайындоо жөнүндө айтылган. Бирок ар кандай кагаз иштеринен качкан мигранттар балдарын тааныш, тууган-туушкандарга таштап кетүүдө. Соттун чечими жок эле райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн мигранттардын балдарын маалымат базасына киргизип, алардын жашоо-шартын, абалын текшерип туруу мүмкүнчүлүгүн түзүү каралып жатат. Бул боюнча мамлекеттик миграция, ИИМ жана серепчилер тарабынан сунуштар берилген", — деди Шамшиев.

Серепчи чет мамлекеттеги кароосуз калган балдарды өлкөгө кайтарууда да бир топ көйгөйлөр бар экенин кошумчалады.

99
Белгилер:
кодекс, балдар, миграция, Улан Шамшиев
Тема боюнча
Тодогелдиев: оор кырдаалда калган балдарды табуу боюнча база түзүлүп жатат
Заара жана эндоскопия клиникасынын жетекчиси Нурбек Моңолов

Моңолов: дарыгерлердин атайын "десанттык" тобун даярдоо зарыл

44
Заара жана эндоскопия клиникасынын жетекчиси Нурбек Моңолов божомолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна карата аймактарда кадр тартыштыгын жөнгө салуу боюнча сунушун берди.
Моңолов: дарыгерлердин атайын "десанттык" тобун даярдоо зарыл

Өлкөнүн бир аймагында эпидемиологиялык абал кескин курчуп кетсе, ал жакка жиберүү үчүн дарыгерлердин атайын тобун даярдап коюу керек. Мындай пикирин Нурбек Моңолов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 13 миңден ашуун дарыгер бар.

Вице-мэр: Бишкек болжонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна даяр

"Учурда өлкөдөгү дарыгерлердин кадрдык түзүмү белгилүү. Аларды туура уюштуруу керек. Мисалы, эпидемиологиялык абал кескин курчуп кеткен убакта Россия бизге "дарыгерлердин десанттык тобу" деп жиберди. Ошондой атайын топторду түзүп, аларга тийиштүү шарттарды түзүп берүү зарыл. Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилеринин буга тийиштүү планы болушу керек. Эгерде өлкөнүн кайсы бир аймагында абал кескин начарлап кетсе, дарыгерлер ошол регионго чыгып кетет. Болгону дарыгерлердин маянасын төлөп берип, тийиштүү жабдыктар менен камсыздап коюу зарыл", — деди Моңолов.

Ошондой эле ал Тез жардамдын кызматкерлери жетишсиздигин эске алып ыкчам байланыш телефондорун жетиштүү жана сапаттуу деңгээлде даярдоо керектигин кошумчалады.

44
Белгилер:
тез жардам, коронавирус, дарыгер
Тема боюнча
Адис: коронавируска каршы эмдөө жүрмөйүн экинчи эмес, онунчу толкун да болот
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова. Архивдик сүрөт

Кубатова: угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга сурдокотормо кызматы көрсөтүлөт

69
(жаңыланган 11:31 28.09.2020)
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова министрлик тарабынан иштелип чыккан угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сурдокотормо кызматын көрсөтүү долбоору 2021-жылы ишке кирип каларын айтты.
Кубатова: угуу жана сүйлөөсү начар адамдарга сурдокотормо кызматы көрсөтүлөт

Токтом долбоорунун негизги максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда мамлекет кепилдеген сурдокотормо кызматтарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

КРде майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ата-энелерге сунушталды

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда жалпы 193,7 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаса, анын 5500дөн ашууну угуп жана сүйлөө жагынан майып адамдар.

"2019-жылы кыргыз өкмөтү БУУнун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялаган. Анын негизинде мамлекет конвенциянын жоболорун аткарууга милдеттүү. Ага ылайык, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сурдокотормо кызматтарын көрсөтүү тартибин" иштеп чыгып, өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Кыргызстандын жарандары, ошондой эле өлкөдө туруктуу жашаган жана сурдокотормо боюнча керектөөчүлөрдүн реестрине киргизилген адамдар кепилденген сурдокотормо кызматын алууга укуктуу. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар календарлык жылда 15 саат мамлекет тарабынан сурдокотормо кызматын пайдалана алат. Бирок биз муну 40 саатка чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул кызмат ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда, мамлекеттик органдардын же мекемелердин, сот органдарынын талабы боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн. Ошону менен бирге билим берүү, саламаттык сактоо жана документ толтуруу сыяктуу тармактарда котормочу жардам берет. Бизде котормочулар абдан аз. Ошондуктан үч жылдык планга сурдокотормочуларды окутуу кызматын киргизүү мерчемделүүдө", — деди Кубатова.

Ал өлкөнү санариптештирүү жылына ылайык аталган кызматты көрсөткөн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу да каралганын кошумчалады.

69
Белгилер:
кызмат, өкмөт, котормо
Тема боюнча
Кубатова: майып балдарды карагандарга 4 900 сомдон айлык төлөнүүдө
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков Венгрияга расмий сапар менен барды. Кимдер коштоп жүрөт

0
(жаңыланган 23:52 28.09.2020)
Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Венгрияга расмий визит менен барган президент Сооронбай Жээнбековду Венгриянын вице-премьер-министри Михай Варга тосуп алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Жээнбеков Венгрияга барат. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасы кандай

“Жээнбеков жана Орбан Будапешт шаарындагы Түрк кеңешинин европалык өкүлчүлүгүнө барышат. Сапардын алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат”, - деп айтылган маалыматта.

Кыргызстан делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугат.

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана экономика министри Санжар Муканбетов бар.

0
Белгилер:
расмий сапар, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков быйыл Венгрияга барат. ТИМ Будапештте жолугушууларды өткөрүп келди