Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакубекова: айрым антибиотиктер бойго бүтүрбөөчү дарынын таасирин азайтат

© Sputnik / Табылды КадырбековДары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адис Айгүл Жакубекова
Дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адис Айгүл Жакубекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары-дармек саясаты боюнча жетектөөчү адис Айгүл Жакубекова дарыгер жазып берген антибиотиктерди ичүүнүн алдында ал дарынын инструкциясы менен толук таанышуу керектигин айтты.
Жакубекова: айрым антибиотиктер бойго бүтүрбөөчү дарынын таасирин азайтат

Ципрофлоксацин, фторхинолон жана тетрациклинди ичип жатканда күнгө күйгөнгө тыюу салынат, сыртка жабык кийим кийип, көз айнек тагынып чыгуу зарыл. Эрежени сактабаса фотодерматит, фотоконъюнктивит ооруларына чалдыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Айгүл Жакубекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дарыларды ченеми менен колдонуу зарыл.

"Антибиотиктерди кабыл алып жатканда жөнөкөй таблетка түрүндөгүсүн чоң адам бүтүн иче албай жатса же кичинекей балага майдалап берсе болот. Ал эми капсуланы же сыртында кабыгы бар дарыларды бузганга болбойт. Ал ашказандан өтүп, ичегиде эрип организмге тарашы үчүн атайын ошондой формада жасалган. Дарыларды кабыл алуу аралыгы 12 саат болушу керек. Контрацептивдерди кабыл алып жаткан аялдардын эсине сала кетсем, айрым антибиотиктер бойго бүтүрбөөчү дарылардын таасирин төмөндөтөт. Аны дарынын нускамасынан окуп билип алса болот", — деди Жакубекова.

Адис дары ичпөө үчүн ден соолукка жакшылап кам көрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0