Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турдубаева: Кыргызстанда кош жарандуулукка уруксат берилген

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при ГРС Гулбарчын Турдубаева
Главный специалист департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при ГРС Гулбарчын Турдубаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева өлкөдө кош жарандуулукка уруксат берилгендигин айтты.
Турдубаева: Кыргызстанда кош жарандуулукка уруксат берилген

Мыйзам боюнча жарандыгынан баш тартып үчүнчү өлкөлөрдүн паспортун алып кеткен кыргызстандыктар ал мамлекеттин жараны болуп туруп деле кайра кыргыз паспортун ала алышат. Мындай билдирүүнү Гүлбарчын Турдубаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып жасады.

Анын айтымында, кош жарандуулук чектеш мамлекеттердин паспорт ээлерине берилбейт. Тактап айтканда, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын жарандыгын алгандар Кыргызстандын да жарандыгын ала алышпайт.

"Мыйзам боюнча өлкөдө кош жарандуулук бар деп айтсак болот. Анткени Кыргызстан менен чектешкен төрт мамлекеттен башка өлкөлөрдүн жарандары өз каалоосу менен биздин жарандыкка да ээ боло алышат. Мисалы, россиялык болууну каалаган кыргызстандык ал жактын талабына ылайык биздин жарандыктан чыгат. Президенттин жарлыгы менен ал Кыргызстандын жарандыгынан чыккан соң, ошол өлкөнүн жарандыгын алат. Эгер кааласа кайра келип, жарандыгынан баш тартпай туруп Кыргызстандын паспортун ала алат жана мамлекеттик жетекчилик кызматтарга баруудан башка бардык биздин жарандар колдонгон укуктарга ээ болот", — деди Турдубаева.

Ал ошол эле учурда кош жарандуулук тууралуу бир дагы башка өлкөлөр менен макулдашуулар жок экендигин, аталган мыйзам Кыргызстандын өзүндө гана иштерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0