Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиллаев: ажырашкан же мигрант ата-эненин балдары паспорт ала албай жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Депутат Жогорку Кенеша Таабалды Тиллаев
 Депутат Жогорку Кенеша Таабалды Тиллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев өлкөдө үй-бүлө институтунун иштебегендигинен балдар көп жабыр тартып жаткандыгын айтты.
Тиллаев: ажырашкан же мигрант ата-эненин балдары паспорт ала албай жатат

Ата-энеси мигрант же ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдүн 16 жашка толгон балдары паспорт алууда кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын айтып мага көп кайрылышат. Бул тууралуу Таабалды Тиллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөткө өздүк документ алууда бул категориядагы жарандарга жеңилдик берүү же башка ыкмаларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

"Учурда ички, сырткы миграция күчөп турат. Мындан сырткары, тилекке каршы, ажырашуу да көп катталууда. Мына ушул эки негизги себептен улам жашы 16га толуп, мыйзам боюнча паспорт алышы керек болгон балдар жабыркап жатат. Алар паспорт алуусу үчүн ата-энеси же алардын биринин керектүү документи жок паспортторун ала албай убара болушууда. Бул өз кезегинде чет өлкөгө окууга чыга турган, ден соолугуна байланыштуу башка мамлекеттерге дарыланууга бара турган балдарга чоң кедергисин тийгизип жатат. Бул боюнча өкмөткө атайын тапшырмалар берилди, бирок башкы себеби — өлкөдө үй-бүлө институтунун жоктугу", — деди Тиллаев.

Депутат бул багытта тиешелүү органдар калк арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0