Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Соронбаев: Токтогул ГЭСи жаңыланса, иштөө мөөнөтү 50 жылга узарат

© Sputnik / Асель СыдыковаЗамдиректора каскада Токтогульской ГЭС по реконструкции Чилдебай Соронбаев
Замдиректора каскада Токтогульской ГЭС по реконструкции Чилдебай Соронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Токтогул ГЭСин реабилитациалоо" долбоорун ишке ашыруу тобунун башчысынын орун басары Чилдебай Соронбаев гидроагрегаттарды алмаштыруу иштери март айында башталарын айтты.
Соронбаев: Токтогул ГЭСи жаңыланса, иштөө мөөнөтү 50 жылга узарат

Токтогул ГЭСи 40 жылдан ашык иштеди. Кайрадан жаңыланса келечекте 40-50 жылдай дагы кызмат көрсөтүүгө кубаты жетет. Бул тууралуу Чилдебай Соронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтеги оңдоп-түзөөдөгү негизги иштер электр энергиясын пайдалануу азайып калган учурларда, тактап айтканда, жаз, жай мезгилдеринде жүргүзүлөт.

"2017-жылдан баштап ГЭСти реабилитациялоо боюнча негизги жумуштар башталган. Үч фазага бөлүнүп иштер аткарылып жатат. Биринчи фазада Токтогул ГЭСинин бардык төрт энергоблогунда күч трансформаторлору, 500 киловольт кабелдик линиялары жана башка кошумча энергожабдыктары жаңыртылды. Ал эми экинчи фаза 1-марттан башталат. Анда гидроагрегаттар бирден токтотулуп алмаштырылат. Суу менен иштөөчү турбина жана генератор толугу менен жаңыртылмакчы. Бул долбоордун донору — "Азия өнүктүрүү банкы". Ал эми подрядчы катары General Electric жана Кытай менен Түштүк Кореянын компаниялары иш алып барат. 2023-жылга чейин гидроагрегаттарды алмаштыруу боюнча иштер аяктап, натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт", — деди Соронбаев.

Ал учурда биринчи фаза боюнча жумуштар аяктап, кийинки фазага даярдык жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0