Аман-Гринфуд ишканасынын жетекчиси Аалы Кадыр

Кадыр: өлкөдө бал аарыларынын тоют базасы кыскарып жатат

70
"Аман-Гринфуд" ишканасынын жетекчиси Аалы Кадыр республикада аарыларды дарылаган адистердин жоктугу көйгөй жаратып жаткандыгын айтты.
Кадыр: өлкөдө бал аарыларынын тоют базасы кыскарып жатат 56/90

Өлкөдө аарылар гүлдүн чаңчаларын чогулткан талаалар жылдан-жылга кыскарып баратат. Бул тууралуу Аалы Кадыр Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, мындай темп менен гүл талаалары талкаланып отурса 2-3 жылда таза бал чогултуу көйгөйү Кыргызстанда да пайда болот.

"Учурда балчылык менен алек болгондор көбөйдү. Бирок, тилекке каршы, аарыларды дарылаган адистердин жоктугу көйгөй жаратууда. Ветврач десе эле уйду, койду дарылагандар чыгат экен. Муну менен катар эле дагы бир кооптуу маселе - тоют базасынын тездик менен кыскарып жаткандыгы. Адамдар павлония сыяктуу бактарды эгишип, аарылар гүлүнө коно турган чөптөр азаюуда. Ошондой эле талааларда тикенек жана башка зыянкеч өсүмдүктөр көбөйүүдө. Мындай көрүнүш менен биз 2-3 жылдан соң таза бал өндүрө албай калабыз", — деди Кадыр.

Ишкер ошондой эле жергиликтүү ЖОЖдор аары боюнча адистерди даярдап чыгарууну колго алышы керектигин кошумчалады.

70
Белгилер:
бал, аары, тоют
Тема боюнча
Каракетов: биз бир күндө чогулткан балды чет өлкөдө бир жыл топтошот
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

5
(жаңыланган 13:44 23.09.2021)
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыккандыгын айтты.

Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы. Мындай пикирин Марат Пирназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

Анын айтымында, аталган багытта шарт түзүү аркылуу көп киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жаратса болот.

"Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаа түзүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка криптобиржалардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу тагылган. Ушул жылдын 27-майында Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, бул тармакты билген адистер менен биргеликте жобо иштеп чыктык. Жобо министрлер кабинетинин кароосуна киргизилип, макулдашуу иштери жыйынтыкталууда. Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы", — деди Пирназаров.

Ошондой эле адис криптоактивдер менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр санариптик биржалар боюнча билим алып коюусу керектигин кошумчалады.

5
Белгилер:
Марат Пирназаров, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты
Тюмень шаарындагы Биримдик кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова

Сманова: кыргызстандык жаштардын Россиянын ЖОЖдоруна окуу мүмкүнчүлүгү кенен

8
Тюмень шаарындагы "Биримдик" кыргыз диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова Россия Федерациясынын жогорку окуу жайлары борбор азиялык абитуриенттерге көп мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткандыгын айтты.

Тюмень шаарын эле айта турган болсом, учурда төрт ЖОЖ кыргызстандык студенттерди бюджеттик негизде кабыл алууга даяр. Бирок тапшыргандар аз болууда. Бул тууралуу Канзада Сманова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сманова: кыргызстандык жаштардын Россиянын ЖОЖдоруна окуу мүмкүнчүлүгү кенен

Анын айтымында, Россиянын университеттерине окууну каалагандардын аз болушу маалыматтын жеткиликсиздигенен улам болууда.

"2012-жылы биринчи жолу Тюмень мамлекеттик архитектура-курулуш университети менен келишим түзгөнбүз. Алар Кыргызстан, Казакстан, Армения, Азербайжан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган абитуриенттерге белгилүү өлчөмдө бюджеттик орундар берилерин айтышкан. Ошол жылдан тарта коңшу мамлекеттерден абитуриенттер келип активдүү тапшырып, билим алып жатышат. Кыргызстандыктар азыраак болууда. Мындан кийин Тюмень мамлекеттик университети, Тюмень мамлекеттик айыл чарба академиясы жана Тюмень индустриялык университети менен келишимдерибиз бар. Бул окуу жайларга кыргызстандыктар барып тапшыра алышат. Ал үчүн мектепти аяктаган аттестаты гана жетиштүү. ЖРТнын жыйынтыгынын кереги жок, бул ЖОЖдор өздөрү экзамен алат. Болгону ушул сынактарга мыкты даярданып барса бюджеттик негизде окуп калуу мүмкүнчүлүгү чоң болот. Россия берген бул шарттарды Казакстан жана Тажикстан абдан жакшы пайдаланып жатат. Биздин жаштар да барып окуп алышса деп аракет кылабыз. Бул окуу жайлар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен иштешпейт. Абитуриенттерди түз чакырышат. Ар жылы март, апрель айларында өлкөдөгү ири шаарларда ачык эшик күнүн өткөрүп маалымат беришет. WhatsApp, Тelegram-группаларды ачып, белгилүү бир мугалимдер ошол жактан каалоочулардын суроолоруна жооп берип турат. Андыктан мына ушул маалыматтык кампания учурунда ата-энелер пайдаланып калса болот. Мындай мүмкүнчүлүк бир эле Тюменде эмес Россиянын бардык шаарларындагы окуу жайларында бар", — деди Сманова.

Ал каалагандар Россиядагы кыргыз диаспораларынын жетекчилерине социалдык тармактар аркылуу кайрылып, окуу тууралуу маалымат алса болорун кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

8
Белгилер:
Россия, ЖОЖ, окуу, Кыргызстан, Канзада Сманова
Тема боюнча
Сманова: Россиядагы кыргыздар мыйзамды сактаса көйгөй жаралбайт
Крандан суу алып жаткан кыз. Архив

30-сентябрда Бишкектин чок ортосунда бир күн бою суу токтотулат. Карта

0
Бир аптадан кийин суу тосмону оңдоо пландалууда. Бишкек шаарынын бийлиги бул ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 30-сентябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки саат 21:00гө чейин таза суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Суу "Тоголок Молдо" тосмосунда жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Ошондой эле Панфилов, Фрунзе, Манас проспекти жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарда дагы болбойт.

Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган аймакта жашаган тургундарды жана мекеме-ишканаларды ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

0
Белгилер:
Бишкек, таза суу, өчүрүү, оңдоо, карта
Тема боюнча
Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы