Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбек уулу: салынып жаткан имараттар үч тараптан көзөмөлгө алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель начальника управления капитального строительства мэрии Асхат Медетбек уулу
Заместитель начальника управления капитального строительства мэрии Асхат Медетбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Медетбек уулу мектеп, бала бакча салууда үч тараптан көзөмөл болорун айтты.
Медетбек уулу: салынып жаткан имараттар үч тараптан көзөмөлгө алынат

Быйыл өзгөчө сейил бактарды курууга басым жасалды. Ошондой эле мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен мектептерге кошумча корпустарды куруу каралган. Жакында эле Тыныстанов көчөсүндө 90 орундуу бала бакча курулуп баштады. Бул тууралуу Асхат Медетбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы иштерди аткаруу үчүн 2019-жылга 680 миллион сомдун тегерегиндеги каражат каралган.

"Негизи имарат долбоорлонуп салынып бүткөнгө чейин көзөмөлдө болот. Инженердик техникалык шарттары мамлекеттик экспертизадан өткөндө гана салууга уруксат берилет. Алсак, фундамент куюу иштерин биздин башкармалыктын атайын бекитилген адис техникалык жактан карайт. Долбоорду чийген адамдар милдеттүү түрдө автордук көзөмөлдөн өткөрөт. Андан тышкары, салынып жаткан объект каттоого алынып, Госэкотехинспекция да текшерүүгө алат", — деди Медебек уулу.

Ал Манас проспектиси жана Боталиев көчөсүнө сейил бак курулуп жатканын, 2020-жылы 31-августта ишке берилерин жана Түштүк магистралда да 10 гектар жерге сейил бак курулганы жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0