Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиева: электр энергиянын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева. Архив
Электр станциялары ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКтын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева жалпы электр энергиясынын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөрүн айтты.
Айдаралиева: электр энергиянын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөт

"Электр станциялары" ишканасына Ат-Башы, Күрп-Сай, Камбар-Ата, Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, Бишкек жана Ош ТЭЦтери менен Токтогул суу сактагычы кирет. Бул тууралуу Тагжана Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылы 18 миллиард 53 миң кубометр болсо, бул жылы 16 миллиард 355 миллион 20 миң кубометрди түзөт. Бул жетиштүү болуп эсептелет.

"Электр станциялары" ААКга караган энергообъектилер бир жылда саатына 14-16 миллиард киловатт энергия өндүрөт. Өткөн суткада саатына 62 миллион 107 миң киловатт электр энергиясы өндүрүлдү. Энергиянын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөт. Учурда бул ГЭСте оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Негизи кышында колдонуучулар суткасына саатына 60-70 миллион киловатт колдонушат. Ал эми жайкысын үч эсе аз сарпталат. Реконструкция маалында ички керектөөчүлөргө эч кандай чектөө киргизилбейт. Биздин объектилер стратегиялык, абдан маанилүү жай болгондуктан ГЭСтин аймагына кирип-чыккан адамдар, унаалар көзөмөлдөнүп, аскердик кайтарууда турат", — деди Айдаралиева.

Ал реабилитация учурунда агрегаттардын баары толугу менен токтотулбай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0