Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акимов: Бишкекте шамалды тосо тургандай бийик имарат жок

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник градостроительно-планировочного отдела МП "Бишкекглавархитектура" Азирет Акимов
Начальник градостроительно-планировочного отдела МП Бишкекглавархитектура Азирет Акимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын шаар куруу жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Азирет Акимов борбор калаанын абасынын булганышына имараттардын тиешеси жоктугун айтты.
Акимов: Бишкекте шамалды тосо тургандай бийик имарат жок

Бишкек коктуда жайгашып, үстүнөн капкак жаап тургандай абалда. Дүйнөдө ондогон мындай калаа болсо, биздин борбор алардын алдыңкысы десек болот. Бул тууралуу Азирет Акимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардын жайгашуусунан улам тоо тараптан келген шамал 100 метрдей бийиктиктен өтөт.

"Борбор калаанын абасынын булгануусуна курулуштардын башаламан салынып жаткандыгы да себеп катары айтылып келет. Чынында андай эмес. Анткени Бишкек капкак алдында калгандай абалда жайгашкан шаар. Тоо тараптан келген жел жок эле дегенде 100 метр жогору жактан өтөт. Шамалды тосуп кала тургандай мындай бийик курулуш азырынча шаарда жок", — деди Акимов.

Адис шаардын айрым бөлүктөрүндө микроклимат жаратып, ошол жердеги желдин айлануусуна кандайдыр бир тоскоолдук жараткан имараттар жана бактар бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0