Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Белек Сыдыков

Сыдыков: кургак учуктун төртүнчү муундагы дарылары алып келинүүдө

50
(жаңыланган 15:39 05.12.2019)
Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты уюмун уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Белек Сыдыков кургак учук менен ооругандарга дарылар бекер берилерин айтты.
Сыдыков: кургак учуктун төртүнчү муундагы дарылары алып келинүүдө

Кургак учукту жуктуруп албаш үчүн болгону өз убагында тамактанып, эс алып, ден соолукту чың кармоо керек. Бул тууралуу Белек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кургак учукка каршы дарыларды 20 жылдан бери донорлордон — Дүйнөлүк банктан, Глобалдык фонддон алынса, 2016-жылдан тартып мамлекет өзү камсыздоодо.

"Бүгүнкү күндө ар бир кургак учук менен ооруган бейтапты дарылоого 4000ден 6000 долларга чейин каражат кетет. Буга жараша мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алат. Эң негизги маселе — бейтаптар толук дарыланбай, үзгүлтүккө учуратып жатышат. Андай учурдай бейтап кайталап препараттарды ичиши керек. Мындай учурда илдет дарыга туруктуу болуп калууда. Учурда төртүнчү муундагы, жаңы чыккан дарылар алып келинүүдө. Бул препараттар да бекер берилип жатат", — деди Сыдыков.

Ал аталган дартты жуктуруп алган адам көпкө чейин оорусу билинбей жүрө бериши мүмкүн экенин кошумчалады.

50
Белгилер:
каражат, донор, кургак учук, дары
Тема боюнча
Төлөгөнов: коомдо кургак учук менен ооругандарды кодулоо токтой элек
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова

Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

248
(жаңыланган 14:54 04.12.2020)
Акыйкатчы аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Бообекова кыз-келиндер жумуш ордунда укугу тебеленген учурда тиешелүү органдарга көп кайрылбай келерин айтты
Бообекова: иш ордунда укугу тебеленген кыз-келиндер жардам ала алат

Кыргызстанда адам укугу бузулган учурда 115, 111 же 102 телефондоруна чалса болот. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жарандык жоопкерчилик төмөн болууда.

"Бизде балдардын же аялдардын укугу бузулган учурлар көп. Анткени бул маселелер боюнча коомчулук тартынбай кайрылганга үйрөнүп калды. Бирок ошол эле учурда кыз-келиндердин кызмат ордунда укугу бузулса, ачык айткандан уялышат. Буга биздин менталитет бир жагынан жол бербесе, экинчиден, кайрылган күндө да тергөөчүлөр ишти дыкат карабай коюп жатышат. Андыктан биз коомчулукту бул маселеде ачык болууга үйрөтүшүбүз керек. Эгер жумуш ордунда аялга карата орой мамиле, ыксыз тийишүүлөр болсо, тартынбай 115 номерине чалыңыздар", — деди Бообекова.

Ал жарандар кошунанын үйүндө же көчөдө болуп жаткан ызы-чууга кайдыгер карабай тиешелүү органдарга кайрылуусу зарыл экендигин кошумчалады.

248
Белгилер:
мамиле, кызмат, укук
Тема боюнча
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

45
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

45
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Кытай Кыргызстан Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат

0
Министр темир жолду куруу иштерине кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу ЕАЭБде жаңы рынокторду ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Санжар Мукамбетов билдирди.

4-декабрда Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган биринчи Евразия конгресси өттү.

Форумдун алкагында министр Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын ЕАЭБдеги артыкчылыктарын айтып берди.

"Биз ЕАЭБдин түштүк чек арасында жайгашканбыз. Кыргызстан аркылуу Кытай, Индия жана Пакистанга жол ачылат. Тилекке каршы, бул ири рыноктор Кыргызстан тарабынан колдонулбай жатат. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса ЕАЭБге көп пайда алып келмек", — деди Мукамбетов.

Анын айтымында, бул ири долбоор көп жылдардан бери ишке ашпай келе жатат.

"Кыймыл бар. Жолдун узундугу, казылуучу тоннелдердин саны, калктуу конуштарды аралап өтүүчү участоктор талкууланып жатат. Бирок бул маселеде саясий чечим талап кылынат. Ошондой эле бул долбоорго кызыкдар мамлекеттер гана эмес, ЕАЭБдин структуралары анын ичинде банк жана башка өнүктүрүү институттары да катышуусу керек", — деди министр.

Кытай менен байланыштыра турган аталган темир жол долбоору 20 жылга чукул убакыттан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

0
Белгилер:
министр, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, темир жол, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга Россия да кызыкдар
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: кандай сүйлөшүүлөр болуп жатат