Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбаева: "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Ысык-Көлдөн башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин Коопсуз шаар долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик технологиялар жана байланыш комитетинин "Коопсуз шаар" долбоорунун координатору Элнура Жээнбаева аталган долбоордун экинчи этабы 2020-жылдын 8-октябрына чейин ишке кирерин айтты.
Жээнбаева: "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Ысык-Көлдөн башталат

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы Ысык-Көлгө туристтер көп келгендигине байланыштуу алгач Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна көзөмөл камераларын орнотуу менен башталат. Бул тууралуу Элнура Жээнбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун экинчи баскычынын алкагында өлкө боюнча 306 аппараттык-программалык комплекс орнотулат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча 2019-жылдын 8-октябрында келишимге кол коюлган. Ага ылайык, подрядчы компания өлкө боюнча 306 аппараттык-программалык комплексти келишим кабыл алынган күндөн тарта 12 ай же тактап айтканда, 2020-жылдын 8-октябрына чейин орнотуп бериши керек. План боюнча мобилдик аппараттык-программалык комплекстер эмдиги жылдын май айынан тарта иштей баштайт. Ошондой эле Ысык-Көлгө туристтер көп келгендигине байланыштуу алгачкы көзөмөл камералары Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна орнотулат. Алар келерки жылдын туристтик сезону башталганга чейин ишке кириши керек", — деди Жээнбаева.

Ошондой эле ал ""Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы иштеп баштаганы Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча жол кырсыктарынын саны 40 пайызга азайганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0