Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: өспүрүм курактагы балага ата-эне өзгөчө жакын болушу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова өспүрүм курактагы балага тарбия берүүдө эмнеге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Бообекова: өспүрүм курактагы балага ата-эне өзгөчө жакын болушу керек

Бала өспүрүм куракка келгенде "мен киммин", "кимге окшошмун", "кандай болушум керек" деген суроолорду өзүнө бере баштайт. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөөл курактагы бала мурдагыдай ата-энесине эмес, айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга, досторунун сөзүнө, телевизор, интернеттен көргөн каармандарына көбүрөк таасирленет.

"Бала кичинекейинде ата-эне анын курсагын тойгузуу, үй тапшырмасына жардам берүү сыяктуу көзгө көрүнгөн иштерге басым жасап келсе, өспүрүм куракта баласынын жан дүйнөсүнө күн сайын кызыгып туруу керек. Анын маанайын, жасап жаткан иштерин сурап, башкысы бала жалгыз эмес экендигин сездирүү өтө маанилүү. Бул куракта адамда өзүн-өзү таануу процесси башталат. Бала өзү каалап барам деген ийримдеринен баш тартпоо зарыл. Анткени ага жаккан нерсе менен алектенүү убактысын чектеп, жаман иштерге баруусуна бөгөт коет", — деди Бообекова.

Психолог ошондой эле балага ченеми менен кара жумуш жасатуу да бул куракта өтө маанилүүлүгүн, ал өспүрүмдү жоопкерчиликке тарбияларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0