Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев

Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн

330
(жаңыланган 14:43 09.12.2019)
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу, "Дордой" футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев кыргыз футболунун деңгээлинин жогорулашына жалпы федерациянын салымы чоң экенин айтты.
Мурзаев: FIFA биздин стадионду жаратпай коюшу мүмкүн

2019-жылкы Азия кубогунан кийин футболго болгон кызыгуу күчөдү. Көчөдө кетип баратсаң таанып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгысы келгендер пайда болду. Бул тууралуу Мирлан Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, футболдун өнүгүшү үчүн заманбап, бардык стандартка жооп берген оюн талаасы курулушу керек.

"Акыркы оюндар тууралуу айтсам, ар бир команданын өзгөчөлүктөрүн эске алып даярдык көрдүк. Япония менен болгон кездешүүдө аракет абдан көп болду. Көбүрөөк чуркап, жеңишке катуу умтулдук. Ал эми күчтүү команда менен болгон оюндан кийин Тажикстанды оңой эле жеңебиз дедикпи, айтор, бошураак ойноп койдук. Бизге заманбап стадион керек. Себеби ФИФА биздин азыркы футбол стадионубузга көзүн жумуп оюн өткөрүүгө уруксат берип келет. Эгер келечекте талаптарга карап уруксат бербей калса, биз өз үйүбүздө ойной албай калабыз. Ошондой эле күйөрмандар да оюнга күбө боло албай калышат. Негизи үйдө ойногон абдан сонун. Биз күйөрмандарды 12-оюнчу дейбиз. Алардын колдоосу өзгөчө дем, күч берет", — деди Мурзаев.

Спортчу экинчи классынан эле футболго кызыгып баштаганын, андан башка бокс, күрөшкө да катышканын кошумчалады.

330
Белгилер:
оюн, матчтар, футбол, Мирлан Мурзаев
Тема боюнча
Дүйнө чемпионаты: КР футбол командасы тандоо турунун кийинки этабына өтөбү?
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов. Архив

Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

29
(жаңыланган 12:53 10.08.2020)
Улуттук энергохолдингдин көз карандысыз серепчиси Чоробай Акунов альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт экенин айтты.
Акунов: суу сатылып жатат деген маалымат жалган

Суунун аздыгы көйгөй жаратпашы үчүн кошумча кубаттуулук болушу зарыл. Ал үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун тез арада бүтүрүү керек. Бул тууралуу Чоробай Акунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясына болгон муктаждык жыл санап өсүп жатат.

Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды

"Өлкөдө суу аз келип калган учурлар болот. Кээде жакшы агып келип, көлөмү көбөйүшү ыктымал. Быйыл дагы суу аз келген убакка туш келип турабыз. Анан эле энергетиктер суу сатып жатышат деген сөздөр чыгат. Чындыгында мындай болушу мүмкүн эмес. Себеби сууну жаңы түзүлгөн Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик көзөмөлдөйт. Ошондуктан суу сатылып жатат деген маалымат фейк. Суунун тартыштыгы маселе жаратпашы үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин тез арада куруу зарыл. Мындан тышкары, альтернативдик булактардан энергия алууну жолго салуу шарт. Ошондо өлкөдө суунун азайып-көбөйүүсү көйгөй жаратпайт. Ошондой эле коңшу өлкөлөр менен электр энергиясын айлантып бириктирүү дагы ишке ашса, бул жааттагы көйгөйлөр чечилип калат эле. Ага ылайык, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана башка өлкөлөр бири-бирине көмөктөшүп турат", — деди Акунов.

Серепчи бир жылдык келишимдин негизинде жайында өлкө Казакстанга 300 миллион киловатт электр энергиясын бергенин айтып, кышында муну кайтарып ала турганын кошумчалады.

29
Белгилер:
ГЭС, электр энергиясы
Тема боюнча
Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

14
(жаңыланган 12:50 10.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова дезинфекциядан улам пневмония күчөп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.
Естебесова: хлор астмасы барларга терс таасирин тийгизет

Хлор зыяндуу заттардын бирине кирет. Ал өнөкөт астмасы барларга зыян. Туура эмес концентрацияда колдонулса адам катуу ууланып же дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары күчөшү ыктымал. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирустук пневмония менен хлордон уулануунун симптомдору эки башка болот.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Дезинфекциялоо үчүн чачылып жаткан хлор коронавирустук пневмонияга алып келбейт. Анткени анын концентрациясы өпкөнү жабырката турган деңгээлге жетпейт. Албетте хлор уулуу зат болуп эсептелет, бирок ал пневмонияны шарттабайт. Хлор туура эмес концентрацияда колдонулса организмди уулап же дем алуу органдарынын өнөкөт ооруларын күчөтүшү ыктымал. Андан ууланганда көңүл айнып, адам кусушу мүмкүн. Өпкөнүн чел кабыгы сезгенип, жөтөл пайда болот. Ал эми коронавирустук пневмония кан коюлуп кетип өпкөнүн тамырчаларына уюп калгандан улам жаралууда. Бул рентгенден пневмония сыяктуу көрүнөт, ошондуктан коронавирустук пневмония деп айтылат. Анда кадимки пневмониядан айырмаланып адамдын дене табы көтөрүлбөйт. Киши демигип, кургак жөтөл пайда болот. Бул экөөнү бири-бирине байланыштыруу такыр мүмкүн эмес. Ошентсе дагы хлордун зыяндуу заттардын катарына кире турганын белгилей кетүүбүз зарыл. Ал көбүнчө дезинфекция иштери үчүн тийиштүү концентрацияда колдонулат. Өпкөнүн өнөкөт оорусу барларга, астма менен жабыркагандарга терс таасирин тийгизиши ыктымал. Ал эми бронхитке анча коркунучтуу эмес", — деди Естебесова.

Дарыгер хлор бөлмөдө колдонулса, терезелерди ачып шамалдатып коюу керектигин кошумчалады.

14
Белгилер:
коронавирус, дезинфекция, хлор, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Ыбышева: дезинфекция иштерин адамдар жок учурда жүргүзүү зарыл

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

0
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

0
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат