Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алимбаев: кыргыз бийлиги майыптардын укугун коргоого милдеттендирилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель акыйкатчи Ерлан Алимбаев
Заместитель акыйкатчи Ерлан Алимбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев Кыргызстанда адам укуктары боюнча БУУнун сегизинчи конвенциясы кабыл алынганын, жалпысынан тогуз конвенция бар экендигин айтты.
Алимбаев: кыргыз бийлиги майыптардын укугун коргоого милдеттендирилди

Үстүбүздөгү жылы кыргыз өкмөтү БУУнун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу Ерлан Алимбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган конвенция кабыл алынганы эми өлкөнүн бардык аймактарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары сакталып, алардын толук кандуу жашоосуна тийиштүү шарттар түзүлүшү керек.

"БУУнун адам укуктары тууралуу негизги делген тогуз конвенциясы бар. Алардын ичинен сегизи Кыргызстанда кабыл алынган. Ал эми акыркысы — "зомбулук жолу менен адамдардын жоголушу" боюнча фактылар биздин өлкөдө жокко эсе болгондугуна байланыштуу, азырынча аны ратификациялоонун зарылчылыгы жок деп табылды. Үстүбүздөгү жылы акыркы 5-6 жылдан бери маселе жаратып, бирок бюджеттин тартыштыгынан улам кабыл алынбай келген Майыптардын укугу жөнүндө конвенция кыргыз өкмөтү тарабынан ратификацияланды. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Анткени буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын укуктары толук кандуу сакталбай келген. Эми майыптардын укугу тууралуу эл аралык нормалар кабыл алынганы өлкөнүн бардык аймактарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары сакталып, алардын толук кандуу жашоосуна тийиштүү шарттар түзүлүшү керек. Муну кыргыз бийлиги милдет катары мойнуна алып, конвенциядагы бардык талаптарды акырындык менен ишке ашыруусу шарт", — деди Алимбаев.

Ошондой эле ал "10-декабрь — Адам укуктарын коргоонун дүйнөлүк күнү" экенин айтып, ал 1948-жылдан бери дүйнө коомчулугу тарабынан белгиленип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0