Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтошев: акча туура эмес бөлүштүрүлүп, айылдар дотацияда калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев
Депутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев Финансы министрлиги Жогорку Кеңеш алып берген грантты туура пайдалана албай жаткандыгын айтты.
Токтошев: акча туура эмес бөлүштүрүлүп, айылдар дотацияда калууда

Каражат туура бөлүштүрүлбөгөндүктөн айыл өкмөттөрү дотациядан чыга албай жатат. Мындай пикирин Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 453 айыл өкмөтү болсо, анын 380ге жакыны мамлекет тарабынан каржыланат.

"2016-жылы Жогорку Кеңеш Финансы министрлигине аймактарды өнүктүрүү багытында грант алып берген. Тилекке каршы, каражаттын туура эмес бөлүштүрүлгөндүгүнөн улам айыл өкмөттөрдү дотациядан чыга албай жатышат. 2020-жылга карата айтылган божомолго таянсак, келерки жылы жети айыл өкмөтү дотациядан чыгат, бирок кайра эле үчөө дотацияга өтөт. Учурда 380ге чукулу өзүн-өзү каржылоого дарамети жетпейт. Жалпы 453 айыл аймагы болсо, анын 60ында быйыл 20 пайыздык өсүш байкалган. Бул абдан начар көрсөткүч. Мунун баары акча бөлүштүрүү саясатынын туура эмес жүргүзүлүп жатканын айгинелейт", — деди Токтошев.

Депутат айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгаруу үчүн каражат бөлүү системасын тезинен карап чыгуу зарылдыгы турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0