Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эндокринолог: гестозу бар кош бойлуулар төрөгөн соң текшерилиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековВрач центра Эндокринологии Назгуль Абылова
Врач центра Эндокринологии Назгуль Абылова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эндокринология борборунун дарыгери Назгүл Абылова айрым аялдар кош бойлуу кезинде кант диабетинин убактылуу түрү — гестозго чалдыгышы мүмкүн экенин айтты.
Эндокринолог: гестозу бар кош бойлуулар төрөгөн соң текшерилиши керек

Гестоз диабетине кош бойлуу аялдар гана чалдыгат. Алар сөзсүз эндокринологдун кароосунда болуп, текшерилип туруусу керек. Анткени диабеттин бул түрү кийин өнөкөткө айланып кетиши ыктымал. Бул тууралуу Назгүл Абылова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гестоз диабетине чалдыккан кош бойлуу аялдардын канында канттын көлөмү нормадан жогору, бирок кант диабети менен ооругандардын канындагы канттан төмөн болот.

"Өтө чочулоонун деле кереги жок. Анткени кош бойлуу аялдардын диабеттин бул түрүнө чалдыкканы медицинада кадыресе эле көрүнүш. Аны акушер-гинекологдор байкаса дароо эндокринологго жөнөтүшөт. Болгону дарыгерге убагында көрүнүп, кандагы канттын көлөмүн көзөмөлдөп турса эч коркунуч болбойт. Эгер кош бойлуу аялда гестоз диабети бар болсо, ал кийин кант диабетинин 2-тибине да чалдыгышы мүмкүн. Ошол себептен көз жаргандан кийин да дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу зарыл", — деди эндокринолог.

Ошондой эле ал гестоз диабети кант диабетинин 2-тибиндей эле туура эмес тамактануу, ашыкча салмак, аз кыймылдоо жана стресстин кесепетинен пайда болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0