Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калмуратова: Instagram баракчасы интернет-дүкөн болуп эсептелбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКеректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратова "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо" мыйзамына 2015-жылы интернет дүкөндөрү тууралуу 24-1 берене киргизилгенин айтты.
Калмуратова: Instagram баракчасы интернет-дүкөн болуп эсептелбейт

Сатуучу товар тууралуу жазуу түрүндө маалымат бериши керек. Бирок чет мамлекеттерде бардык нерсе электрондоштурулгандыктан жазуу түрүндө маалымат берүүдөн качышат. Бул тууралуу Зарина Калмуратова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо" мыйзамы 1997-жылы кабыл алынган.

"Акыркы жылдары интернет аркылуу товар сатуу актуалдуу болуп калды. Ошол себептен 2015-жылы 24-1 берене киргизилген. Анда керектөөчүлөрдүн интернет-дүкөндөрдөн товар сатып алуудагы укуктары көрсөтүлгөн. Ага ылайык, сатып алуучу товар келе электе алуудан баш тартса болот же беш күндүн ичинде кайра кайтарып берүүгө укугу бар. Экономика министрлигинин аянтчасында чоң электрондук коммерция мыйзамы кабыл алынып жатат. Мында 24-1 беренедеги жазуу түрүндө маалымат берүү деген жери алып салынды. Интернет-дүкөнүн иштеткендер юридикалык жак же жеке ишкер болушу керек. Алар жоопко тартылып, айып пул төлөп, салык төгүшөт. Ал эми Instagram же Facebook сыяктуу социалдык тармактарга товарды жарнамалап, сатуу интернет-дүкөнү болуп эсептелбейт", — деди Калмуратова.

Ал интернет-дүкөнүнүн сайтында анын ээси тууралуу маалымат, дареги, телефон номери баракчанын башында чоң болуп көрүнүп турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0