Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдарова: кикбокс менен машыгуумду жактырбай айныткандар көп болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековСпортсменка сборной КР по кикбоксу Элнура Айдарова
Спортсменка сборной КР по кикбоксу Элнура Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кикбокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Элнура Айдарова республикада тай бокс жана кикбокска кызыккан кыз-келиндердин саны арбып бараткандыгын айтты.
Айдарова: кикбокс менен машыгуумду жактырбай айныткандар көп болгон

Менин кикбокс менен машыгуумду жактырбай "спортту эмне кыласың, кыз болгондон кийин өзүңө ылайыктуу ийримдерге барбайсыңбы" деп айныткандар көп болгон. Бул тууралуу Элнура Айдарова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спорттун кармаш түрлөрү ага аябай жаккандыктан, үч жарым жыл аралыгында тай бокс, кудо жана кикбокс боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы биринчиликтерин багындырып, Азия чемпионатында кикбокстан коло медаль тагынган.

"Учурда күрөш, бокс жана кикбокс өңдүү спорт түрлөрүнө  кызыгып, ал гана эмес профессионалдуу деңгээлде машыгып жүргөн кыздар көбөйө баштады. Алардын катарында мен да бармын. Бирок аталган спорт менен алектенген кыздарды коомчулук кабыл ала албай жатат деп ойлойм. Анткени мен кикбокс менен машыгып баштаганымда ата-энемден тарта курдаштарыма чейин сын-пикирлерин айтышып, көп жактырышкан жок. Бирок мен көңүл бурбай эле өзүм жакшы көргөн спорт түрү менен машыгып жүрө бердим. Алгачкы ийгиликтерим көпкө күттүргөн жок. Үч жарым жыл аралыгында кикбокс, тай бокс жана кудо боюнча республиканын биринчиликтерин багындырдым жана Азия чемпионатынын коло медалына татыдым. Мындай жетишкендиктериме атам абдан ыраазы болуп, азыр мени колдоп, чет өлкөгө мелдештерге чыкканымда бардык кем-карчымды алып берип, каржылап турат", — деди Айдарова.

Ошондой эле ал учурда киксбокска жакшы көңүл бурулбай жатканын белгилеп, өлкөдө спорттун бул түрүнүн өнүгүүсү солгундап баратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0