Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аманбеков: кикбокстан профессионалдар арасындагы мелдешке чыксам дейм

© Sputnik / Жоомарт УраимовКикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков. Архив
Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков Кыргызстанда аталган спорт түрү боюнча сүйүүчүлөр категориясынан профессионалдарга өтүү мүмкүн эместигин айтты.
Аманбеков: кикбокстан профессионалдар арасындагы мелдешке чыксам дейм

Кикбокс боюнча профессионалдар арасындагы мелдештерге чыгуу үчүн чет мамлекетке кетиш керек. Анткени биздин өлкөдө чеберлер арасындагы кикбоксту өнүктүрө алган промоутердик компаниялар жана менеджерлер жок. Бул тууралуу Авазбек Аманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер чет өлкөдөн кикбокс боюнча профессионалдар арасында мелдештерге чыгууга жакшы сунуштар түшсө, күч сынашууга даяр.

"Бокс сыяктуу эле кикбокс да сүйүүчүлөр жана профессионалдар деп экиге бөлүнөт. Кыргызстанда сүйүүчүлөр арасындагы кикбокс абдан жакшы өнүккөн. Өлкөдө Азиянын, Евразиянын жана дүйнөнүн чемпиондору бар. Бирок андай болгону менен мамлекет тарабынан тийиштүү түрдө колдоо жок. Кыргыз мушкерлери кикбокстан чеберлер категориясына жетүү үчүн өлкөдө спорттогу промоутердик жана менеджерлик ишти жакшы түшүнгөн адистер жок. Ошол себептен өзүнө ишенген кикбоксчулар чет өлкөгө кетишүүдө. Мисал катары Валентина Шевченко менен Рафаэль Физиевди айта алам. Алар спорттук карьерасын дал ушул киксбокстан башташкан. Бүгүнкү күндө мен дагы профессионалдардын катарына өтүү тууралуу ойлонуп жүрөм. Эгер чет өлкөдөн жакшы сунуштар түшсө кетем", — деди Аманбеков.

Чемпион Кыргызстанда кикбокс жаңы пайда болгону аны пропагандалоо иштери кызуу жүргөндүктөн эл оозуна алынып кеткендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0