Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зарылбек уулу: Пробация департаментине психолог жана соцкызматкерлер керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Департамента пробации при Минюстиции Алмазбек Зарылбек уулу
Директор Департамента пробации при Минюстиции Алмазбек Зарылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пробация департаментинин директору Алмазбек Зарылбек уулу аталган институтта кадрлар жетишпегенин жана жаңы кызматкерлерди атайын конкурстун негизинде алып жатышканын айтты.
Зарылбек уулу: Пробация департаментине психолог жана соцкызматкерлер керек

Пробация департаментинин штаттык бирдиги 140 кызматкерге ылайыкталган. Бүгүнкү күндө 91 киши иштеп жатат. Дагы 49 ваканттык орун бар. Азыркы тапта ошол бош орундарды толтуруу максатында атайын конкурс өтүп жатат. Бул тууралуу Алмазбек Зарылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган институтта учурда пробация кардарлары менен иштей алган психологдор жана социалдык кызматкерлер жетишсиз.

"Пробация департаменти үстүбүздөгү жылы Юстиция министрлигине өтүп, 1-сентябрдан тарта ишин баштады. Бул убакыт аралыгында абактагы жана өтө оор эмес мыйзам бузуу аракеттерине барган бир топ кылмышкерлер менен иштеп, аларды толук кандуу коомчулукка кошуу аракетин көрүп жатабыз. Бирок учурда биздин институтта кадрлар жетишсиз. Бизге дагы 49 киши керек. Бул орундарды толтуруу үчүн атайын конкурс жарыялаганбыз. Анын алкагында 485 талапкер өзүнүн резюмесин жөнөткөн. Аларды кабыл алып, учурда тийиштүү сынактардан өткөрүп жатабыз. Жыл аягына чейин конкурстун жыйынтыгы чыкса, кадр маселеси жоюлат. Негизи азыр пробация кардарлары менен иштей алган психологдор жана социалдык кызматкерлер тартыш болгондуктан, кызматкерлерди жумушка алууда приоритет аталган кесип ээлерине берилип жатат, — деди Зарылбек уулу.

Ошондой эле ал учурда Пробация департаменти өлкө боюнча беш жарым миңге чукул кишини көзөмөлдөп, социалдык жана психологиялык көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0