ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева. Архив

Солтонгелдиева: калпакты ЮНЕСКОкого киргизүүгө төрт жыл кетти

152
(жаңыланган 14:18 28.01.2020)
ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева ак калпакты жасоо өнөрүн жана кийүү маданиятын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү демилгеси "Кийиз дүйнө" коомдук фонду тарабынан 2015-жылы көтөрүлгөнүн айтты.
Солтонгелдиева: калпакты ЮНЕСКОкого киргизүүгө төрт жыл кетти

Ак калпакты жасоо өнөрүн жана кийүү маданиятын ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кошуу аракеттери оңой болгон жок. Төрт жыл катары менен аталган уюмдун талаптарын аткаруу багытында тийиштүү иштер жүрүп, акыры быйыл 12-декабрда тилек орундалды. Бул тууралуу Сабира Солтонгелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калпакты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн аталган уюмдун беш талабы аткарылып, кошумча дагы ак калпак тууралуу 10 мүнөттүк даректүү тасма тартылган.

"2015-жылы бизге "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова элечекти же ак калпакты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү демилгеси менен кайрылган. Биз анда ак калпакты тандап алганбыз. Аны бүткүл дүйнөлүк маданий мурастардын катарына кошуу аркеттери төрт жыл бою жүрүп отурду. Тилегибиз бир катар кыйынчылыктардын аркасы менен ишке ашты. Алгач баш кийимдин маданий мурастардын катарына кире тургандыгын далилдедик. Кийин аны эл аралык деңгээлде жайылтуу аракеттери кандай боло тургандыгы жана анын регионалдык, дүйнөлүк маанилүүлүгү тууралуу маалымат бердик. Ошондой эле ак калпакты жасоо өнөрүн жайылтуу, кол өнөрчүлөрдүн тизмеси, коомчулуктун кызыгуусу жөнүндө айтып бергенбиз. Андан сырткары, мамлекет тарабынан кандай колдоо болуп жатканы менен ак калпак тууралуу кенен маалымат Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтында жайгашканын көрсөттүк. Мунун баарын комиссиянын 12 мүчөсү текшерип чыгып, 24 өлкөнүн макулдугу менен ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурасы катары табылды", — деди Солтонгелдиева.

Ошондой эле ал Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарын сактоо боюнча конвенциясы 2006-жылы ратификациялаганын кошумчалады.

152
Белгилер:
ЮНЕСКО, ак калпак, Сабира Солтонгелдиева
Тема боюнча
Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева

Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

11
Кыргыз азиздер федерациясынын жетекчиси Гүлназ Жүзбаева көзү көрбөгөн адамдарга өз укуктарын коргоого, өз алдынча иш кылууга, адамдарга аралашууга мүмкүнчүлүк берсе коомдо өнүгүү болорун айтты.
Жүзбаева: азиз адамдарды коомдон алыстатпоо максатында федерация ачылды

Көзү азиз адамдар түрдүү туура эмес ойлорду четке кагып, коомдо ордун табууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Гүлназ Жүзбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, федерация окуучуларды акысыз алты айдын ичинде күнүмдүк жашоого керектүү бардык иштерди жасоого үйрөтөт.

"Федерацияны 2017-жылы Кыргызстанда жашаган активдүү, позитивдүү көзү азиз адамдар менен бирге түзгөнбүз. Негизги максатыбыз — көзү көрбөгөндөрдүн коомго болгон жана коомдун көзү азиздерге болгон мамилесин өзгөртүү. Учурдагы ишибиз окуучуларыбызга өз алдынча басууну, жашоону, өзүнүн жумушун өзү аткарууну, укуктарын коргоону үйрөтүү болуп саналат. Алты айлык тренингде жашоодо керек болгон усулдарды үйрөтөбүз. Анда алар биздин шарттарды аткарууга тийиш. Окутууга Кыргызстандын булуң-бурчунан келип, биринчи жолу шаардын шартында өз алдынча жашап башташат. Бул мөөнөттө Брайль арибин окуганды, компьютер, смартфон колдонгонду, таякча менен басканды жана англисче, орусча тилдерди үйрөнүшөт. Үй жумуштарын, тамак жасаганды, үй жыйнаганды үйрөтөбүз. Мындан тышкары, чуркап, сууда сүзүп, тандем велосипеддерди тээп спорт менен да машыгышат", — деди Жүзбаева.

Ошондой эле жетекчи Азиздер федерациясынын бүтүрүүчүлөрүнө иш таап берүүгө да көмөктөшөрүн кошумчалады.

11
Белгилер:
тренинг, жардам, азиз
Тема боюнча
КРде майып балдар үчүн мобилдик тиркеме иштелип чыгып, ата-энелерге сунушталды
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова

Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

19
(жаңыланган 10:58 03.12.2020)
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова кимдер акысыз юридикалык көмөк алса боло турганын түшүндүрүп берди.
Рыскулова: акысыз юридикалык жардамды онлайн дагы алса болот

Республика боюнча 28 борбордо жарандарга акысыз юридикалык жардам берилүүдө. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен аны онлайн дагы алса болот. Бул тууралуу Жылдыз Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага тийиштүү мамлекеттик органдар жана студенттер көмөктөшүүдө.

"Калкка бекер юридикалык көмөк көрсөтүү боюнча декада өтүп жатат. Ал 30-ноябрда башталып, 5-декабрга чейин уланат. Аймактык юстиция башкармалыктарында 28 атайын борбор бар. Ошол жактан жарандар юридикалык консультация алышууда. Бул кызматты юристтер, жактоочулар көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары, өнөктүккө Юстиция министрлигинин кызматкерлеринен тышкары Социалдык фонддун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Миграция кызматынын кызматкерлери кошулуп, жарандарга юридикалык кеңеш беришүүдө. Буга кошумча, коммерциялык уюмдар менен биргеликте юридикалык факультеттин студенттери дагы бул иш-чараны уюштурууга активдүү катышты. Быйылкы эпидемиологиялык абалды эске алып, бул кызматтарды онлайн алууга да мүмкүндүк түзүлдү", — деди Рыскулова.

Ошондой эле ал аз камсыз болгон жарандарга акысыз адвокат кепилденгенин кошумчалады.

19
Белгилер:
декада, эл, юридикалык жардам
Тема боюнча
Кыргызстанда элге бекер юридикалык жардам көрсөтүү башталды

Финпол 250 миң сом пара берген адамды кармады. Кабинеттен тартылган видео

0
(жаңыланган 13:04 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда кайсы кызматкерге бергени айтылган эмес.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

0
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды