Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманов: эски түшүнүктөгү адамдар өлкөнү өнүктүрө албай жатабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаЖогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов
Жогорку Кеңештин депутаты, Бир Бол фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты, "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бийликке билимдүү адамдардын тобу келиши зарылдыгын айтты.
Сулайманов: эски түшүнүктөгү адамдар өлкөнү өнүктүрө албай жатабыз

Азыркы эски түшүнүктөгү адамдар, алардын ичинде мен деле бармын, тийиштүү деңгээлде иш жасай албай жатабыз. Билимдүү жаштардын тобу келип, башкаруу системасын колго алса, мамлекеттин өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Алтынбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республикада жалпысынан 102 миң укуктук-ченемдик актылар бар.

"102 миң укуктук-ченемдик актыны бөлө келсек, бир адамга 102 миң эрежеден туура келет. Бул абдан көп. Ар бир эреже тоскоолдукту жаратат. Демек, биз жарандарга шарт түзбөй эле аларды чектеп жатабыз. Ошондуктан азыр мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү зарылчылыгы бар. Ал эми бул иштерди жасоого эски түшүнүктөгү азыркы саясатчылардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Алардын ичинде мен деле бармын. Бизге мамлекеттик башкаруу системасына билимдүү, илимдүү жаш адистердин тобу келиши керек. Биз, эски адамдар, аларга иштөөгө мүмкүнчүлүк беришибиз шарт", — деди Сулайманов.

Депутат жигердүү жаштар мамлекеттик кызматтарга келип жатканын, бирок алар аздык кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0