Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азимов: Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кирет

© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы министринин орун басары Алмазбек Азимов
Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов 2020-жылдын бюджети 8 миллиард сомго жакын дефицит менен бекитилгендигин билдирди.
Азимов: Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кирет

Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Андыктан 2020-жылдагы дефицитти сырткы булактардын эсебинен жабууда аз пайыздык карыз алуу пландалган. Бул тууралуу Алмазбек Азимов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дефицитти азайтуу максатында келе жаткан жылы транспорт, айыл-чарба жана башка тармактарга каражат бөлүү кыскартылды.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан өнүгүп жаткан мамлекеттерге кирет. Ал эми мындай макамдагы өлкөлөрдүн жогору льготадагы гранттарды жана насыяларды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банктарынан 40 жылга 0,75 пайыз, 10 жылдык жеңилдетилген убактысы менен карыз ала алат. Бул өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзүү максатында берилет. Ал эми бул категориядагы мамлекеттердин катарынан чыккан кезде республикага эл аралык уюмдардан мындай жеңилдетилген насыяларды берүү токтотулат", — деди Азимов.

Аткаминер бюджет дефицитин жабууда ички булак катары баалуу кагаздар жана приватташтырууну атаса болорун, бирок учурда приватташтыруу боюнча стратегия жоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0