Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрмекова: ата-энелер фондунун калышын каалайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучунун апасы Асел Эрмекова
Окуучунун апасы Асел Эрмекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучунун апасы Асел Эрмекова ата-энелер каалоосу менен берип жаткан каражатты өздөрү көзөмөлдөй аларын айтты.
Эрмекова: ата-энелер фондунун калышын каалайбыз

Ата-энелер фондуна чогулган каражат каякка кетип жаткандыгы тууралуу маалымат мектептин сайтына жайгаштырылат. Фонддун 12 мүчөсү акчаны бөлүштүрүп, ай сайын чыгымдар тууралуу отчёт дубалга илинет. Ал эми жылына эки жолу ата-энелер менен жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу Асел Эрмекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фондго ар бир ата-эне акча берүүгө милдеттүү эмес. Айрымдарына жеңилдик каралган. Жада калса шарты жок болгон үй-бүлөнүн балдарына окуу куралдарын, мектеп формасын алып берген учурлар болгон.

"Мен эки баланын энесимин. Балдарым мектепте окуп баштагандан бери эле ата-энелер фондун колдоп, мүчө болуп келем. Себеби өкмөт бөлгөн каражат жакшы шарт түзүүгө жетишсиз. Мамлекеттин акчасы айлык, коммуналдык кызматтарга кетет жана ар бир балага 97 сом бөлүнөт. Ал жылдын аягында мектепти оңдоп-түзөөгө жумшалат. Совет мезгилинде класстарды актап, сырдап, ошол убакта эле ата-энелердин жардамы менен ремонт жасалчу. Аталган фонд мектептин бир топ маселесин чечүүгө жардам берип жатат. Биз балдардын ар тараптуу өсүүсүн каалайбыз. Мисалы, театралдык ийрим уюштуруп, аларга ижарага форма алып берип, конкурстарга алып барабыз. Ушул сыяктуу иш-чаралар фонддун акчасынын жардамы менен аткарылат. Андан тышкары, балдардын коопсуздугу үчүн кайтаруучу алып, өзгөчө жамгырлуу же чаң сапырылып турган убакта бир канча жолу жуудуруу үчүн кошумча каражат төлөйбүз", — деди Эрмекова.

Ал ата-энелерге 12 категорияда жеңилдиктер каралганын, мүмкүнчүлүгү барлар ай сайын 500 сомдон фондго каражат саларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0