Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова. Архив

Бообекова: көрө албастык психологиялык оору

814
(жаңыланган 16:04 20.12.2019)
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова көрө албастык кызганычтан улам пайда болорун айтты.
Бообекова: көрө албастык — психологиялык оору

Көрө албастык кызганычтан улам келип чыгат. Ал эми кызгануу эмоционалдык абал, ал өспүрүм куракта атаандашуу, салыштыруу, басынтуудан, өзүн башкалардан кем санап чоңоюунун арты менен калыптанат. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Психологдон кеңеш" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көрө албастык сезиминин жаралышына коркуу, жек көрүү, көп кайгыруу себеп боло алат.

"Бала дүйнө таанымы кеңейип баштаган куракка келгенде башкалар күчтүү болуп кетип, ал калып калышынан коркот. Материалдык жактан бардыгы жетишкен үй-бүлөнүн балдарына да эгерде ата-эне мээрими аздык кылса ушундай сезимдер менен чоңоюшу мүмкүн. Эмнеге аныкы бар, менде жок же эмне үчүн ал кандайдыр бир артыкчылыкка ээ, менде жок деген сыяктуу жек көрүү, балдарда көрө албастыкты пайда кылат. Ата-энелердин элдин балдарына салыштыруусунун терс тарабы мына ушунда. Алар өз перзентин чыйралсын, бирөөнүн баласынын мисалында бул да ийгиликти багындырсын деп айтышат, бирок дүйнөнү жаңыдан таанып келе жаткан баланын психологиясында бул жек көрүүнү, кайгырууну, коркууну шарттап, жыйынтыгында көрө албастык адатка айланып калат. Көрө албастык сезими калыптанып калган адамды психологиялык жактан жабыр тартууда деп сыпаттасак болот. Мындан адистердин жардамы менен арылуу мүмкүн", — деди Бообекова.

Психолог ошондой эле турмушуна нааразы болуп наалый берүү да балдарга терс таасирин тийгизерин кошумчалады.

814
Белгилер:
кызганыч, психолог, Кадиян Бообекова
Тема боюнча
Бообекова: өспүрүм курактагы балага ата-эне өзгөчө жакын болушу керек
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин бөлүм башчысы Ашырали Ырысалиев

Ырысалиев: Кыргызстанда архивист билимин алган 12 гана адис бар

13
Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин бөлүм башчысы Ашырали Ырысалиев Мамлекеттик архив агенттиги Россияга билимин тереңдетип келүүгө адистерди жиберүү боюнча макулдашуулар жүрүп жатканын айтты.

Өлкөдө 65 мамлекеттик, 3000ден ашуун ведомстволук архивдер болсо, анда иштеген адистердин 12синин гана тиешелүү багытта диплому бар. Бул тууралуу Ашырали Ырысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Ырысалиев: Кыргызстанда архивист билимин алган 12 гана адис бар

Анын айтымында, Архив агенттигинин өзүндө эле республика боюнча 500дөй кызматкер эмгектенет.

"Архив агенттигиндеги башкы көйгөйлөрдүн бири — кадр маселеси. Учурда архивист деген дипломдун ээси, башкача айтканда, мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүү жана сактоо боюнча атайын билими бар 12 гана кызматкерибиз иштейт. Алар мындан бир топ жыл мурда Кусеин Карасаев атындагы БГУда ачылган архивист факультетинен билим алгандар. Тилекке каршы, бул окуу бөлүмү 4-5 жылдан кийин жабылып калган. Азыр республикадагы бир дагы окуу жай бул кесипке адис даярдабайт. Андыктан биз башка мамлекеттер менен келишим түзүп, адистерибизди кыска мөөнөттүү же квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларга жиберүүгө аргасызбыз. Бул маселе боюнча Түркия жана Россия менен тыгыз иштешүү алдында турабыз. Россияга аспирантурадан билимин тереңдетип келүү үчүн бизде иштеп жаткан ошол дипломдуу 12 адисти жиберүү боюнча макулдашылды", — деди Ырысалиев.

Адис эл аралык же жеке менчик багыттагы компаниялар да архив кызматкерин жумушка алуу боюнча кайрылуу жолдошорун, бирок бул багытта кадрдык резерв жок экендигин кошумчалады.

13
Белгилер:
көйгөй, кадрлар, архив
Тема боюнча
"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт

26
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу боюнча иш баштаганынын себебин айтты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, стоматологиялык клиникаларды аймактык ооруканаларга кошуу, саламаттык сактоо уюмдарын бириктирүү жолу менен кайра уюштуруу эч бир дарыгерди жумушсуз калтырбайт. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бейшеналиев: тармакты реформалоо медиктерди жумушсуз калтырбайт

Анын айтымында, кыскартуу административдик-башкаруу курамына гана таасирин тийгизет.

"Изилдөөнүн натыйжасында республиканын дээрлик бардык аймактык ооруканалары жана үй-бүлөлүк медицина борборлору бир эле аймакта жайгашкандыгы, функциялардын кайталанышы, лабораториялык жана диагностикалык жабдуулардын толук колдонулбаганы аныкталды. Азыркы учурда өлкөдө 380ге жакын дарыгер башчылары бар. Бир эле кичинекей аймакта 12 дарыгерлер жетекчиси, алардын 24 орун басары иштейт. Ошолордун бардыгы бир эле аймакта болуп бири-бири менен байланыш болбой калган. Анализдеп келсек баягы коронавирус пандемиясынын биринчи толкунунда бул система начар натыйжа берген. Азыр 356 медициналык уюмдардын 125и, 51 санэпидстанциянын 23ү калды. Ошентип кыскаруунун натыйжасында бир миллиард сом үнөмдөп, каражат саламаттыкты сактоо тутумунун актуалдуу көйгөйлөрүнө жумшалат", — деди Бейшеналиев.

Министр үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун өнүктүрүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн, алар 37 миллион доллар бөлгөнүн жана жакын арада дагы 13 миллион доллар берилерин кошумчалады.

26
Белгилер:
министр, кыскартуу, медицина, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема боюнча
КРде медициналык мекемелерди кайра түзүү боюнча реформа башталды
Медициналык кызматкерлер коронавирустан каза тапкан киши менен. Архив

ДССУ: апта ичинде COVID илдетинен өлгөндөр боюнча рекорд жаңыланды

0
(жаңыланган 13:19 20.01.2021)
ДССУнун маалыматына ылайык, адам өлүмү боюнча жогорку көрсөткүч алты топтогу мамлекеттерде байкалган. Өткөн жумада илдетке чалдыккандар 4,7 миллионго жетти.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өткөн аптада коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчүн каттаган. 11-январдан 17сине чейинки аралыкта дүйнө жүзү боюнча 93,3 миң киши COVID-19 илдетинен көз жумган. Ага чейин 86,4 адам каза болгон көрсөткүч эки апта мурда катталган.

Эсептөөлөргө ылайык, бул мезгил аралыгында адам өлүмү көп катталган учур алты топтогу өлкөлөрдө байкалган. АКШда (өзүнчө бир топ катары саналат) 43,8 миң, Европада 37,7 миң, Африкада 5 миң жана Түштүк-Чыгыш Азияда 3,4 миң өлүм болгон. Көз жумгандар ошондой эле Чыгыш Жер ортолук деңизинде жана Батыш Тынч океанында да көбөйгөн.

Өткөн жумада илдетке чалдыккандар 4,7 миллионго жетти. Ал эми оорудан көз жумгандар жалпысынан эки миллиондон ашкан деп саналууда.

0
Белгилер:
рекорд, адам, өлүм, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема боюнча
Бишкекте эки киши каза таап, 162 адам коронавирус жуктурду. Акыркы маалымат
ДССУ: пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт