ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева

Солтонгелдиева: ак калпакка маданий символдун статусун берүү кажетсиз

76
ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын катчысы Сабира Солтонгелдиева ЖК депутаттары иштеп чыккан улуттук баш кийимди баалуулук катары сактоо максатында "Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун кересиз деди.
Солтонгелдиева: ак калпакка маданий символдун статусун берүү кажетсиз

Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарын сактоо боюнча конвенциясын 2006-жылы ратификациялагандан тарта аталган уюмдун тизмесине кошулган бардык улуттук баалуулуктар түздөн-түз корголот, аларга өзүнчө мыйзам иштеп чыгып, маданий символ катары статус берүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Сабира Солтонгелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзам бар. Андагы жоболор кынтыксыз аткарыла турган болсо ар бир маданий мураска өзүнчө мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылчылыгы болбойт.

"Ак калпакка маданий символдун статусун берүүнүн кажети жок. Анткени Кыргызстанда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамы бар. Андан сырткары, 2006-жылы Кыргызстан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарын сактоо боюнча конвенциясын ратификациялаган. Мына ошол мыйзам жана андагы жоболорго ылайык бардык маданий мурастарды коргоп калса болот. Аларга өзүнчө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун зарылчылыгы жок. Ар бир адам өзүнөн башташы керек. Бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлардан тарта улуттук баалуулуктарга аяр мамиле жасап, аздектей турган болсо мыйзамдардын деле кереги жок болот", — деди Солтонгелдиева.

Ал чет өлкөлүк туристтер саякатка чыкканда сөзсүз ЮНЕСКОнун материалдык жана материалдык эмес мурастарынын катарына кирген объектилери бар мамлекеттерге артыкчылык берерин айтып, аталган уюмдун тизмесине кошулган улуттук баалуулуктар аркылуу өлкөнү туризм жаатында өнүктүрсө болорун кошумчалады.

76
Белгилер:
мыйзам долбоору, мыйзам, ЮНЕСКО, ак калпак, Сабира Солтонгелдиева
Тема боюнча
Солтонгелдиева: калпакты ЮНЕСКОкого киргизүүгө төрт жыл кетти
Дефектолог Жазгул Аманбек кызы

Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

37
(жаңыланган 15:14 27.11.2020)
Дефектолог Жазгүл Аманбек кызы жаңсоо тилин үйрөнүп жаткан балдар бир учурда эле эки-үч тилди үйрөнүп жаткандай болорун айтты.
Аманбек кызы: угуусу начар балдарды окутуу үчүн тиркеме иштелип чыкты

Угуусу начар жана укпаган балдарды окутуу үчүн атайын тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу Жазгүл Аманбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, тиркеме улуттук колоритке басым жасалуу менен ишке ашырылган.

"Балдарды жаңсоо тилине үйрөткөн атайын тиркеме иштеп чыгуу идеясы көптөн бери бар болчу. Бирок аны ишке ашыруу мүмкүн болбой келген. Себеби ага техникалык жактан көмөк керек болчу. Бактыга жараша, бул жагынан тилектеш адамдарга кезигип, биргеликте иш алып баруу менен ушундай натыйжага жеттик. Аталган тиркемени көчүрүп алуу бекер. Арифметика деген бөлүмдө сандар, кошуу, кемитүү ыкмалары көрсөтүлгөн. Ал эми "менин үй-бүлөм" бөлүмүндө идиш-аяк, эмерек, үй жана жапайы жаныбарлар боюнча окутулат. Мындан тышкары, айлана-чөйрө деген бөлүмү бар. Окутуу жеңил болушу үчүн сүрөттөр, ар бир тамганын кол менен көрсөтүлгөнү дагы бар. Мындан тышкары, балдардын кызыгуусу тарап кетпеши үчүн оюн түрүндөгү тесттер дагы киргизилди", — деди Аманбек кызы.

Дефектолог ата-энелер үч жашка чейинки балдарына өзгөчө көңүл бөлүп, алардын угуу, сүйлөөсү жайында экенине маани бере жүрүшү керектигин кошумчалады.

37
Белгилер:
жугуу, окутуу, тиркеме, ата-эне
Тема боюнча
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек
Акыйкатчы институтунун өкүлү Альберт Көлөпов

Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

89
Акыйкатчы институтунун өкүлү Альберт Көлөпов ШИИБге караган 60 орундуу убактылуу кармоочу жайда 100 адам кармалып турганын айтты.
Көлөпов: ИИМдин убактылуу кармоочу жайында 30 адамдан пневмония чыкты

ШИИБдин карамагындагы мыйзам бузган жарандарды 48 саат кармоочу жайда 30 адам пневмонияга чалдыккан. Бул тууралуу Альберт Көлөпов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган 30 адамга медициналык жардам көрсөтүү көйгөйлөрү курч турат.

"ИИМдин ШИИБине караштуу убактылуу кармоочу жайы 60 адамга ылайыкташкан. Бирок анда учурда 100 адам бар. Алардын 30унан пневмония аныкталган. Вирустук диагноз менен СИЗОго да алынбай, кадимки жарандык ооруканаларга да кайрыла алышпай, начар шартта отурушат. Керектүү медикаменттер жетишсиз, болгону бир фельдшер иштейт. Сыз, тар жерде отурган бул адамдардын ден соолугуна көңүл буруп, абалды жөнгө салуу үчүн биз коронавирус менен күрөшүү боюнча түзүлгөн Республикалык штабга кайрылуу жиберебиз", — деди Көлөпов.

Ал адам өлүмү каттала электе ыкчам чара көрүү зарылдыгы турганын кошумчалады.

89
Белгилер:
көйгөй, вирус, укук
Тема боюнча
Сооронбаев: өзүм билемдик менен рентген, компьютердик томографияга түшпөгүлө
Беларусь президенти Александр Лукашенко

Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды

0
(жаңыланган 19:50 27.11.2020)
Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкө башчысы болбой турганын жар салды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

"Конституцияны өзүмө ылайыктаган жокмун. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, мен силердин президентиңер болуп иштебейм. Ошондуктан муну жеңил кабыл алып, тынч болгула", — деген президент.

Ал шайлоонун жыйынтыгын кимдир бирөөнүн жасалмалоосуна жол бербей турганын айтып, ошол себептен жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын айткан.

"Мен жаңы Баш мыйзамдын тарапташымын. Себеби азыркы иштеп жаткан Конституцияны "белгисиз президенттин" колуна карматканга болбойт", — деген ал.

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

0
Белгилер:
өзгөртүүлөр, конституция, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз