Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түлөбаев: 7 миллион сом балатыны кооздогонго гана кеткен жок

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев жети миллион сомго башка да жасалгалар жасалганын айтты.
Түлөбаев: 7 миллион сом балатыны кооздогонго гана кеткен жок

Башкы балатыны орнотуп кооздоого болгону 300-400 миң сом коройт. Андан тышкары, Улуттук филармония, Ынтымак паркы, Чыгыш-5 жана эски аянтка балатылар коюлду. Кошумча оюнчук, күйүп-жанган диоддуу шнур-лампалар алынып, жаңы жылга карата иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы жылдык майрамдарды өткөрүү боюнча штаб бар. Алар ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында иштейт.

"Жакында президенттин катышуусундагы балаты майрамы өтөт. Улуттук филармониянын алдын майрамга карата кооздодук. Андан тышкары, мэрия аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына, жарым жетим, жетим балдарга, Афган, Баткен жана Апрель окуяларынын катышуучуларынын балдарына жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берет. Буга 1 миллион 22 миң сом бөлүндү. 1463 белек алынып, ар бир районго бөлүштүрүлдү. Бишкек шаардык социалдык жардам башкармалыгына тапшырма берилген. Балдарга берилген шоколад, момпосуйлардын жарактуу мөөнөтү, сапаты жакшы болушу керек. Мен өзүм көзөмөлгө ала турган болдум, мурдагыдай коррупциялык элементтерге жол берилбейт", — деди Түлөбаев.

Ал Бишкек мэриясы шаардагы имараттардын жана айланасынын жаңы жылдык жасалгасына сынак жарыялаганын, жеңүүчүлөр январдын ортосунда аныкталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0