Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов

Келдибек Ниязов Таттыбүбү Турсунбаеванын эл билбеген талантын эскерди

219
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов Таттыбүбү Турсунбаеванын көпчүлүк билбеген талантын эскерди.
Келдибек Ниязов Таттыбүбү Турсунбаеванын эл билбеген талантын эскерди

Таттыбүбү эже тамакты абдан даамдуу жасачу. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Кеменгер" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, актриса өзү тамакты аздектеп жасаганды Ташкентте окуп жүргөндө үйрөнгөнүн айтса, жакындары бул өнөрү көп таланттарынын бири деп баалашчу.

"Таттыбүбү эже Логвиненко көчөсүндө жашачу. Бир күнү кесиптештери менен түштөнүүгө үйүнө кетип баратыптыр. Мени да ээрчитип алышты. Тартынып, барбай эле коёюн десем Таттыбүбү Турсунбаева "ай, жүр уялбай биз менен, мен буларга беш мүнөттө салат жасап берем десем ишенбей жатышат, сен күбө бол" деп ээрчитип алды. Жолдо баратып жашылча-жемиштерди алышты. Айтканындай эле үйгө кирери менен чоң табакка абдан кооз салат жасап келе калды. Даамдуулугун айтпа. Азыр эми салаттын түрү чыкты, ал кезде помидор, бадыраңды бөртө туурап эле салат деп жей берчүбүз да", — деди Ниязов.

Куудул белгилүү актрисанын күлкүсү да өзгөчө жагымдуу болгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, советтик кино жана театр актрисасы көзү тирүү болгондо быйыл 75 жашка толмок.

219
Белгилер:
эскерүү, ашкана, Таттыбүбү Турсунбаева, Келдибек Ниязов
Тема боюнча
Ниязов: Сүймөнкул Чокморов мыкты пародист да болчу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев. Архив

Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

36
(жаңыланган 15:17 04.07.2020)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев республикада оруп-жыюу иштери башталгандыгын билдирди.
Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

Өлкөнүн айрым аймактарында оруп-жыюу иштери жүргүзүлүүдө. Пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Натыйжада 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.

"Кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыюу иштери Баткендин Кадамжай районунда 11-июнда башталган. Андан кийин Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жүргүзүлө баштады. Өкмөттүн буйругун аткаруу максатында облустук, райондук штабдар иш алып барууда. Анын алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун графиги иштелип чыкты. Анда кайсы райондо дан эгиндери бышып кала турганына ылайыкталып, комбайндардын маршруттук схемасы бекитилген. Эң негизги максат техникаларды өз учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийиштүү иштер жасалууда. Ошондой эле дан эгиндери быша элек аймактардан комбайндар, оруп-жыюу иштери жүрүп жаткан жерлерге тартылууда. Быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 30-34 центнерден болуп жатат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,5 центнерге көп дегенди билдирет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында комбайн акысына дыйкандар 3000 сомдон жогору төлөшүүдө. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 1,5-2 миң сомдун айланасында болуп жатат. Мындан тышкары, пандемияга байланыштуу өлкөнү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Алсак, буудай сегиз миң гектарга көбүрөөк себилген. Быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз", — деди Жумалиев.

Ошондой эле оруп-жыюу иштерин өз учурунда бүтүрүү аракети менен бирге эгин талааларында өрт чыгуу коркунучунун алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

36
Белгилер:
түшүм, Кыргызстан, эгин, дан
Тема боюнча
Жекшенкулов: Россияда Кыргызстандан келген мөмө-жемишке талап күч
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев. Архив

Батыралиев: учурда элди пандемияга каршы мобилизациялоо зарыл

68
(жаңыланган 13:34 04.07.2020)
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев адамдар коронавирустун өзүнөн эмес, өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткенинен каза болуп жатканын айтты.
Батыралиев: учурда элди пандемияга каршы мобилизациялоо зарыл

Бүгүнкү күндө эл социалдык тармактарды көп колдонгондуктан маалыматты ошол жактан алып жатат. Республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-кызматы бул тармакты жетиштүү деңгээлде колдоно албай жаткандай. Мындай пикирин Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр жетишсиздик тууралуу сөз болсо эле эл дүрбөлөңгө түшүп, дароо ошол нерсени сатып ала баштаган абалда калды.

"Канадалык окумуштуулардын расмий түрдө тараткан маалыматын карасак, пандемия учурунда 20-25 пайыз өнөкөт илдет менен жабыркагандар ооруканага коронавирус жугуп калат деп коркуп барган эмес экен. Ал эми 20 пайызга жакынына дарыгерлери бейтапканадан вирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин айтып, барбай турууну сунуштаган. Ошентип жалпы 40 пайызга жакын өнөкөт оорусу барлар өз убагында ооруканага кайрылбагандыктан, дарты оорлошуп кеткен. Мындай көрүнүш бизде деле болуп жатат деп ойлойм. Азыр вирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө. Күндө чет мамлекеттен жердештерибиз келип жатат. Андыктан эң негизгиси элди пандемияга каршы мобилизациялоо маселеси турат. Себеби вирустун өзүнөн адам өлбөйт. Адам өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткенинен каза болууда. Эгер коронавирустун белгилерин байкаса, ар бир адам үй-бүлөсүн, жакындарын коргош үчүн дароо, өзүн изоляцияга алышы абдан маанилүү. Бул иштер калктын калың катмарына майдаланып, түшүндүрүлүшү керек", — деди Батыралиев.

Профессор коронавирустан коргонуу жоопкерчилиги мамлекеттик же аймактык эмес, үй-бүлөлүк деңгээлде сакталышы зарылдыгын кошумчалады.

68
Белгилер:
коронавирус, оору, илдет, Талант Батыралиев
Тема боюнча
Батыралиев: жүрөк ооруларынан жылына 18 миң киши көз жумат
Аэропорттогу дарыгерлер. Архив

Мекенге жардамга баратабыз! Эртең Россиядан биздин медиктер учуп келет

0
(жаңыланган 21:02 04.07.2020)
Дарыгерлер мурдараак кыргызстандыктарга жардам бериш үчүн дары-дармекке жана меджабдууларга каражат чогулткан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Эртең, 5-июлда, мекенине жардам бериш үчүн Бишкекке Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгерлер учуп келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине алардын бири Нурлис Токебаев билдирди.

Токебаев медицина кызматкерлеринин Кыргызстанда жетишсиз болуп жаткандыгын көргөндөн кийин жардам берүү үчүн келүүнү чечишкендигин айтып берди. Аны менен катар эле Россияда атайын акция жарыяланып, 2 миллион рубль акча чогултулган.

Өзбекстан Кыргызстанга учак менен 8 тонна гуманитардык жардам алып келди. Сүрөт

"Аларды жөнөкөй мигранттар: таксисттер, ашпозчулар, базарда соода кылгандар чогултту. 500дөн 1000 рублге чейин беришти. Бул акчага канча экенин билбейм, бирок кычкылтек концентраттары, коронавирусту дарылоодо пайдаланыла турган препараттар алынды", — деди Токебаев.

Анын айтымында, кыргызстандыктардын бири ИВЛ аппаратын сатып берди. Аны бир аптадан соң, кийинки каттам менен алып келишет.

"Бүгүн саат 1:00дө элчиликтин алдына чогулуп, андан ары аэропортко жөнөйбүз. Бара тургандар 30га чукул дарыгерлер менен медайымдар. Демилгени Facebook тармагында көтөрүп чыктык, бизди бийлик колдоду", — деп кошумчалады ал.

Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 7094. Анын 2714ү айыгып, тилекке каршы, 78 киши көз жумду.

Коронавирустун кесепетинен келип чыккан пневмония оорусуна март айынан бери 3009 адам чалдыкты. Бүгүнкү күндө анын 736сы айыгып чыкты. Ал эми 496 адамдын абалы оор, 153 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
Кыргызстан, жардам, мекен, дарыгерлер, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт ыктыярчы медиктер кайрыла турган номерлерди жарыялады
Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө