Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орчунова: учурда кыска кийинүү мода эмес

© Фото / Пери СабиноваСтилист Гүлзат Орчунова
Стилист Гүлзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Гүлзат Орчунова кийинүүдө балансты сактап, кийимдин үстүңкү бөлүгү ачык болсо, ылдый жагы жабык кийип,  асты кыска болсо, үстү жабык болушу зарыл экенин айтты.
Орчунова: учурда кыска кийинүү мода эмес

Биз кардардын бюджетине жараша жарашыктуу кийим тандап, жакшы образ түзүп бергенге аракет кылабыз. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кыска кийинүү таптакыр модада эмес.

"Ар бир адамдын дене түзүлүшү ар түрдүү. Анын көлөмүнө жараша визуалдык коррекция кылганга аракет жасайбыз. Адамдар стилист-имиджмейкер десе эле жылдыздар менен гана иштешкен адистер деп ойлошот. Албетте, эл алдында жүргөн адамдар бул кызматты башкалардан көбүрөөк колдонушат. Айрымдарынын табиятынан кийинүү табити жакшы болот. Көп учурда жылдыздар өзүнүн дене түзүлүшү тууралуу маалыматты ачыкка чыгаргысы келбейт. Ошондуктан никнейм менен иштейбиз. Негизи менин тажрыйбамда эл алдындагы эмес, башка кесип ээлери болгон жөнөкөй адамдар менен иштешкен учурларым көп. Алсак, бизнес чөйрөсүндө алектенген жоолукчан эжелерге заманбап ишкердин образын түзүп бергем. Ал эми учурда кыска же ачык кийинүү модада эмес. Көйнөктүн этеги тизеден ылдый болгону туура", — деди Орчунова.

Стилист Гүлзат Орчунова стилист-имиджмейкерлерге акыркы убакта суроо-талап жогорулап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0