Ата Мекен фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев

Токтошев: өлкөдө келечекте пенсия төлөп бере албай калуу коркунучу бар

145
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев карыяларга пенсия берүүдө келечекте көйгөйлөр жаралышы мүмкүндүгүн айтты.
Токтошев: өлкөдө келечекте пенсия төлөп бере албай калуу коркунучу бар

Учурда Кыргызстанда 670 миң адам пенсия алат. Алардын алган акчасы орто эсеп менен 4000-5000 сомду түзөт. Бирок 3-4 жылдан кийин өлкө казынасынан бул сумманы да төлөп бере албай калышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде бир пенсионерге үч жумушчу туура келсе, бизде ар бир пенсионерге бирден адам Социалдык фондго каражат которот.

"Пенсия системасын түп-тамырынан бери өзгөртпөсө туңгуюкка кептелүү коркунучу бар. Анткени учурда өлкөдө 670 миңге чукул адам казынадан акча алат. Алардын пенсиясын каржылоого ар бирине бирден иштеп жаткан адам туура келет экен. Бул көрсөткүч башка мамлекеттерде бир пенсионерге үчтөн кызматкерди түзөт. Тактап айтканда, бир карыя пенсия алышы үчүн үч адамдын которгон акчасы кетет. Бизде пенсия менен камсыздоо көйгөйгө айланып бара жаткан маселе. Кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү чукул арада киргизбесек, келечекте пенсионерлерге акча таап бере албай калышыбыз мүмкүндүгүн экономист серепчилер да айтып келет", — деди депутат.

Эл өкүлү ошондой эле пенсияны көбөйтүүдө пайыздык ченем менен эмес, майнаптуу башка жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.

145
Белгилер:
көйгөй, система, каражат, пенсия, Эмил Токтошев
Тема боюнча
Токтошев: акча туура эмес бөлүштүрүлүп, айылдар дотацияда калууда
Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, эколог Айгүл Ырсалиева

Ырсалиева: экологиялык көйгөйлөр экономикалык чыгымдарга туш кылат

3
Айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери, эколог Айгүл Ырсалиева өлкөдө көчкү түшүү коркунучундагы миңден ашуун тоо бар экендигин айтты.
Ырсалиева: экологиялык көйгөйлөр экономикалык чыгымдарга туш кылат

Жер кыртышынын нымдалышуусу, оор жүк ташыган автоунаалардын каттоосу сейсмикалык термелүүлөргө алып келет. Бул тууралуу Айгүл Ырсалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, экологияга көңүл бурулбаса ал эбегейсиз экономикалык чыгымдарды жаратат.

Кара-Кечеде көчкү түшкөн аймакка убактылуу жол салынды

"Жакында Кара-Кече — Дыйкан жолуна абдан чоң өлчөмдөгү көчкү түшүп, 600 метр аралыктагы жолду тосуп калды. Буга жамгыр, кардын көп жаашынан улам жер кыртышынын нымдалышы, оор габариттүү жүк ташуучу автоунаалардын каттоосу сейсмикалык термелүүлөргө алып келүүдө. Ошондой эле кен казуу иштери дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Негизи эле Кыргызстандын 90 пайыздан ашуун аймагы тоолуу жер болуп саналат. Бизде миңден ашуун жер көчкү түшүшү мүмкүн деген жерлер бар. Мындай кырсык кайталанбашы үчүн тийиштүү органдар даярдыкта болуусу шарт. Учурда өлкөдө экономикалык көйгөлөргө көбүрөөк басым жасалып, экологияга анчейин маани берилбей келет. А чынында экологияга аяр мамиле кылышыбыз керек. Себеби ушул сыяктуу жаратылыш кырсыктары түз жана кыйыр түрүндө эбегейсиз экономикалык чыгымдарга туш кылат", — деди Ырсалиева.

Эколог көмүр казуу иштерин дагы тийиштүү талаптарды сактоо менен жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.

3
Белгилер:
кырсык, көчкү, экология
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги
Экспортчулар менен импортчулардын Кыргызлэнд ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова

Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

236
(жаңыланган 11:56 22.09.2020)
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова этти экспорттоодо эң чоң көйгөй катары контрабанданы атады.
Ниязбекова: эттин баасынын жогорулашына бир нече себеп бар

Өлкөдө эттин кымбаттап жатышына доллардын өсүшү, контрабанда, тоютка болгон баанын жогорулашы өз таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.

Анын айтымында, учурда ишкерлер Өзбекстанга эт эмес, майда жана ири мүйүздүү малдын өзүн экспорттоодо.

Кыргызстандын бийлиги этти экспорттоого тыюу салууну талкуулап жатат

"Өзбекстанга эт массалык түрдө экспортко чыгарылган жок. Аталган өлкө менен чек ара ачылып, мамилелер жакшыра баштагандан бери өлкөдөн майда жана ири мүйүздүү малды экспорттоо жолго коюла баштады. Булар жандуу булак деп аталып, улам ордуна келип турат. Ошентсе деле экспорт жаатында Кыргызстан эл аралык рынокто өз ордун толук кандуу ээлей элек. Анткени Пакистан, Араб өлкөлөрүнө эт башаламан сатылып келген. Ал эми Өзбекстанга чыгарылган кой боюнча экспорт 0,4 пайыз, ири мүйүздүү малды экспорттоо 0,3 пайызды түзөт. Бул өлкөдө экспорт дээрлик жок дегенди түшүндүрөт. Мамлекеттик органдар тиешелүү аналитиканы дурустап бере албай жатат. Анткени учурда эттин баасынын көтөрүлүшүнө доллардын кымбатташы, тоют баасынын өсүшү, алып сатуу менен алектенгендер себеп болууда", — деди Ниязбекова.

Ошондой эле ал мамлекеттик органдар мониторинг кылуу менен гана чектелип жатат деген пикирин кошумчалады.

236
Белгилер:
соода, Өзбекстан, экспорт, эт, Ленара Ниязалиева
Тема боюнча
Бийлик Кыргызстанда эттин кымбаттап кеткен себебин айтты
Смартфон кармаган кыз. Архивдик сүрөт

Смартфондогу үн жаздырган колдонмолордун негизги кооптуулугу айтылды

0
(жаңыланган 13:15 23.09.2020)
Адистин айтымында, компаниянын штатында иштебеген адамдар конфиденциалдуулук эрежесин сакташпайт. Натыйжада өзгөчө "кызыктуу" сүйлөшүүлөр интернетке чыгып кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Смартфондогу үн жаздыруучу колдонмолордун көпчүлүгү маалыматтардын бир бөлүгүн тиркеме түзүүчүлөрдүн серверине жөнөтүп турат. Ал жерде маалыматтар чексиз убакытка сакталат дагы, жарандарга зыян келтириши мүмкүн. Мындай пикирди DLBI жашыруун чалгындоо кызматынын негиздөөчүсү Ашот Оганесян билдиргенин РИА Новости жазды.

WhatsApp кейпин кийген вирус 25 миллион смартфонду "талкалады"

Эксперт белгилегендей, көпчүлүк учурда үн жаздыруучу колдонмо "тааныбаган" үндөрдү нейробайланыштарды түзүүгө катышкан адистер уга алышат. Мындай адамдар компаниянын штатында болбогондуктан конфиденциалдуулук эрежесин сакташпайт. Натыйжада өзгөчө "кызыктуу" сүйлөшүүлөр же үндөр интернетке чыгып кетиши мүмкүн.

0
Белгилер:
хадис, сервер, кооптуулук, үн
Тема боюнча
Телефондун SIM-картасынын блоктолуп калышынын негизги себептери айтылды
Смартфон геолокация иштебесе дагы ээсинин кайда экенин билдирип коет. Себеби
Бишкектиктер коомдук транспорттун кыймылын смартфондон көрө алышат. Жаңы долбоор