Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: мигрант ЕАЭБге мүчө бардык өлкөдөн бир учурда пенсия ала алат

© Sputnik / Асель СыдыковаСоциалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов
Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосундагы бирдиктүү пенсия төлөмүн макулдашууга төрт жыл убакыт кеткендигин айтты.
Мукамбетов: мигрант ЕАЭБге мүчө бардык өлкөдөн бир учурда пенсия ала алат

Эми кыргызстандыктар ЕАЭБге мүчө мамлекетте иштеп жүргөн учуру үчүн да пенсия ала алат. Эгер ал пенсияга жаш курагы жеткенге чейин беш мамлекетте тең иштеген болсо, баарынан пенсиясынын кошумча бөлүгүнө акча которулат. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден пенсия алыш үчүн жаран ошол өлкөдө 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз иштөөсү зарыл.

"Төрт жылдан бери эмгек мигранттарынын пенсиясынын камын көрүү максатында бул багытта сүйлөшүүлөр өтүп жатты. ЕАЭБге мүчө беш мамлекет беш түрдүү система менен иш алып баргандыктан дал келбөөчүлүк, кыйынчылыктар көп болду. Жыйынтыгында аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн жарандары ошол иштеп жүргөн мамлекетинен жаш курагы жеткенде пенсиясынын кошумча бөлүгүн төлөп берүү макулдашуусу кабыл алынды. Бул топтомо бөлүгү гана. Ал эми пенсиянын бюджеттен төлөнчү тарабын ар өлкө өз жарандарына, ички мыйзамдарына жараша берет. Эгер мигрант пенсия курагына жеткенге чейин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн барында иштеген болсо, ар биринен өз-өзүнчө ички мыйзамдарынын негизинде пенсияга чыгып, акчасын алып турат. Анын өз өлкөсүнөн алчу пенсиясына бул эч кандай таасирин тийгизбейт. Бардыгы банк аркылуу анын эсебине квартал сайын которулат", — деди Мукамбетов.

Ал беш өлкөнүн парламенттери ратификациялаган соң мыйзам күчүнө кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0