Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз  кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев

Рысалиев: Кыргызгидрометке 38 млн. сомдук подстанция алып беребиз

48
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин басма сөз  кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев абанын сапатын өлчөөчү жабдык сатып алууга тендер жарыялангандыгын айтты.

Гидрометеорология агенттигине наркы 30 миллион сом турган подстанция алып беребиз. Ал абанын сапатын так өлчөйт. Бул тууралуу Бактыбек Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, заманбап техника сатып алынса борбор калаанын абасы канчалык деңгээлде булганып жаткандыгы тууралуу так маалыматтар пайда болот.

"Учурда айрым коомдук активисттер бир жердеги абаны ченеп алып эле жалпы шаардыкы катары маалымат таратып жатышат. Бирок ал өлчөөчү аппараттар туура колдонулуудабы, абанын сапатын ченеп жаткан учурда жакын аралыгында күйүп жаткан нерселер жокпу, көңүл бурулбайт. Андыктан Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги абанын сапатын так өлчөөчү подстанция сатып алууга тендер жарыялады. Анын баасы 38 миллион сом турат экен. Тендер ийгиликтүү өтүп, жабдык сатып алынып калса, борбор калаанын тургундарына Кыргызгидромет расмий, туура маалыматтарды берип турат", — деди Рысалиев.

Ал мындан сырткары  наркы 16 миллион сомдук абаны текшере турган көчмө лаборатория сатып алууга да тендер жарыяланганын кошумчалады.

48
Белгилер:
Бишкек, аба, Кыргызгидромет, тендер, Бактыбек Рысалиев
Тема боюнча
Асанбай кызы: шаардын абасы үчүн жашоочулар да жоопкерчилик алуусу шарт