Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: тукумсуздукту шарттаган варикоцеле оорусу башында сезилбейт

© Фото / Гулдана ТалантбековаДоктор медицинских наук, уролог-андролог и сексопатолог Жаныбек Мамбетов
Доктор медицинских наук, уролог-андролог и сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов эркектердин варикоцеле оорусу — жумуртка баштыкчасындагы күрөө тамырдын кеңейиши тууралуу айтып берди.
Мамбетов: тукумсуздукту шарттаган варикоцеле оорусу башында сезилбейт

Күрөө тамырда организм иштетип бүткөн кан айланат. Ага оорчулук түшкөндө кан жогору көтөрүлө албай, жарымы кайра артка кетип, анын эсебинен кан тамыр чоюлуп отуруп варикоз пайда болот. Бул тууралуу Жаныбек Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, варикоцеле жыныстык органдын сол жагындагы тамырында көп кездешет.

"Төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Ал аркылуу кан өткөн соң клапандар кулпу сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйды көздөй эркин агып, күрөө тамырда туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болот. Бул нерсе эркектин жумурткасын кыса баштайт. Уруктун бөлүнүп чыгышына терс жагдай түзүп, мындан улам тукумсуздук пайда болот. Бул оору 12 жаштан жогорку курактагы эркектерде кездешет. Алгач дарт билинбей, адам эч кандай ооруксунууну сезбейт. Жүрүп отуруп балдарды мектептен же аскерге жөнөтүп жатканда медициналык текшерүүдөн өткөндө ошол жерден диагноз коюлат. Анан гана урологдорго келип дарыланышат. Варикозду кеңейген тамырларды байлап операция жасоодон башка айыктыруу жолу жок", — деди Мамбетов.

Уролог кара күчтү талап кылган жумуштун көбөйүшү ооруну пайда кылчу бир себеп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0