Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: Нарында хоккей, тоо лыжа мектептери ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель директора Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта КР Канатбек Арпачиев
Заместитель директора Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта КР Канатбек Арпачиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев өлкөнүн жети облусунун шартына ылайык жайкы жана кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү багытында атайын мектептер ачылганын айтты.
Арпачиев: Нарында хоккей, тоо лыжа мектептери ачылды

Бүгүнкү күндө аймактарда кадр көйгөйү бар. Ал жакта машыктыруучулар жетишсиз. Бул тууралуу Канат Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар облуста приоритеттүү деп табылган спорт түрлөрүн өнүктүрүү багытында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан атайын программалар иштелип чыккан.

"Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарындагы жаратылыш шартына ылайык айрым спорт түрлөрүнө артыкчылык берип, өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Бул боюнча бардык облуста приоритеттүү деп табылган спортко жараша программалар да иштелип чыккан. Мисалы, Нарында кыш мезгили узакка созулгандыктан кышкы спорт түрлөрүнө артыкчылык берилип, лыжа тебүү, тоо лыжасы жана хоккейди өнүктүрүү үчүн атайын мектеп ачылган. Ошондой эле аталган аймактан Советтер Союзунун спорт чеберлери чыгып, ошол кезде лыжа тебүү жана хоккей боюнча улуттук курама командага чейин жеткен спортчулар болгон. Бирок, тилеке каршы, азыр кесипкөй машыктыруучулар жок болуп жатат. Анын айынан спортчулардын да деңгээли төмөн. Ал эми Баткенде жеңил атлетикага басым жасап, мыкты спортчуларды тарбиялап чыкса болот. Тилекке каршы, кайрадан эле квалификациялуу машыктыруучулардын тартыштыгы чоң маселе жаратууда. Муну да тез арада колго алуу керек. Азыр негизи эле аймактарда кадр маселеси орчундуу. Бул жергиликтүү спорттун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизип жатат", — деди Арпачиев.

Аткаминер Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги учурда бир эле профессионалдык спорт тармагын өнүктүрбөстөн, коомчулукту да сергек жашоого үндөө максатында массалык спорттук иш-чараларды пропагандалап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0