Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекманбетов: цирктин имараты 40 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек

© Sputnik / Табылды КадырбековАбубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчиси Фархад Бекманбетов 2020-жылы циркке өкмөттөн каражат бөлүнөрүн айтты.
Бекманбетов: цирктин имараты 40 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек

Циркте көйгөй көп. Жыл башынан бери жакынкы беш жылда аткарчу иш планын түздүк. Негизги маселе цирктин абалын оңдоо болду. Өкмөт тарабынан каражат бөлүү 2020-жылдын планына кирип жатат. Бул тууралуу Фархад Бекманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы цирктен башка маданий мекемелерге 350 миллион сомдой каражат бөлүнгөн.

"Кыргыз мамлекеттик цирки ишке берилгени 40 жылдай болду. Ошондон бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Элге жакшы программа тартуулоо үчүн алгач шартыбызды оңдоп алышыбыз керек. Ал эми чыгармачылыкка акыркы убакта көңүл бурулбай калган. Ошол эле труппалардын жаңы программалары дээрлик жокко эсе. Ал эми быйылкы эң маанилүү иштердин бири кыргыз циркинин атагын чыгарган "жигитовка" жанрын калыбына келтирип жатабыз. Учурда кароолчу, тазалыкты кармаган кызматкерлердин айлыгы 3700 сом, ал эми артисттердин маянасы 4000-5000 сомду түзөт. Башында менин талапкерлигим көрсөтүлгөндө айрым кызматкерлер иш таштарын айтып чыгышкан эле. Кызматкерлердин айрымдары кетти, келгендери да болду. Чынында аз айлык менен адистерди кармап туруу өтө кыйын. Артисттердин айлык-маянасын 9000ге чейин көтөрүү боюнча иш алып барып жатабыз. Андан тышкары, концепциянын негизинде ижарага берилген жайларды өзүбүзгө кайтаруу планы да бар. Быйыл ижарага берилген жерлерден өкмөткө 3,5 миллион сомдой түштү. Андан циркке каражат бөлүнгөн жок. Ошондой эле биз быйыл эмгек акыны жана башка чыгымдарды туура бөлүштүрүп, 7-8 миллиондой сом үнөмдөдүк", — деди Бекманбетов.

Ал азыр Кыргыз мамлекеттик циркинде жети жылкы гана бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0