Кийиз дүйнө коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Дөөлөт Рысбаев. Архив

Рысбаев: калпактар 150 сомдон 5000 сомго чейин бааланууда

165
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору Дөөлөт Рысбаев калпактын баасы базар шартына жана баш кийимди жасоо ыкмасына жараша айырмаланып турарын айтты.
Рысбаев: калпактар 150 сомдон 5000 сомго чейин бааланууда

Бүгүнкү күндө ак калпактар 150 сомдон 5000 сомго чейин бааланып жатат. Бул тууралуу Дөөлөт Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдагы эң кымбат деп саналган 5000 сомдук калпактар өзүнүн оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнүп, башынан аягына чейин колго жана табигый таза кийизден жасалат.

"Бүгүнкү күндө сатыкка чыгып жаткан ак калпактардын баасы жасоо технологиясына жараша айырмаланып турат. Мисалы, тигүүчү машина менен жасалган калпактар 150 сомдун тегерегинде сатылат. Алардын кийизинин сапаты да төмөн болот. Ал эми жарымы машинкага, жарымы колго тигилген ак калпактар 1500-2000 сомдун айланасында. Андай баш кийимдердин материалы сапаттуу болот, бирок айрым гана жерлери кол менен шөкөттөлөт. Ошондой эле азыркы учурда эң кымбат деп эсептелген 5000 сомдук калпактар бар. Алар толугу менен табигый кийизден жана колго жасалып, өзүнүн кайталангыс өзгөчөлүгү болот", — деди Рысбаев.

Ал бүгүнкү күндө ак калпакты кийүү маданияты сакталбай жатканын жана улуттук баш кийимдин баркын кетирбей, ата-бабалардын калпак кийүү салтын кайрадан жандантуу керектигин кошумчалады.

165
Белгилер:
рынок, баа, ак калпак
Тема боюнча
Солтонгелдиева: ак калпакка маданий символдун статусун берүү кажетсиз