Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кутубаев: учурда көмүрдүн бир тоннасы 3200 сомдон 9000 сомго чейин сатылууда

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев. Архив
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору Замирбек Кутубаев кара алтындын баасы анын сапаты, табы жана сортуна жараша коюларын айтты.
Кутубаев: учурда көмүрдүн бир тоннасы 3200 сомдон 9000 сомго чейин сатылууда

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча бир тонна көмүр 3200 сомдон 9000 сомго чейин сатылып жатат. Бул тууралуу Замирбек Кутубаев Sputnik Кыргызстан радиосунун программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда бир тонна көмүргө болгон баанын эң төмөнкүсү Нарында катталса, эң кымбаты Ош облусунда экени аныкталды.

"Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына карата алынган маалыматка ылайык Нарында кара алтындын бир тоннасы 3200 сомдон 4000 сомго чейин сатылып жатат. Ал эми Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абадда бир тонна көмүр 3500-4000 сомдон 4500 сомго чейин бааланууда. Таласта 4200 сомдон 4500-5000 сомго дейре сатыкка коюлуп жатат. Баткенде болсо бир тонна көмүр 4000 сомдон 6500-7000 сомго чейин бааланса, Ош облусунда 4000 сомдон 9000 сомго чейин сатылууда. Бул жерде белгилей кетчү жагдай 6500-9000 сомдон сатыкка коюлуп жаткан көмүр Сүлүктү шаарынан казылып алынат жана сапаты жогору болгондуктан, аны тандырга, шишкебек бышырганга колдонушат. Ошол себептен анын наркы да кымбат. Ал эми Бишкек шаарында болсо бир тонна көмүр 3800-4300 сомдун тегерегинде бааланууда", — деди Кутубаев.

Ал быйылкы жылы кара алтындын наркы былтыркы жылга салыштырмалуу эч өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0