Улуттук кызыл жарым ай коомунун координатору Салтанат Абдыжапарова

Абдыжапарова: өзүнүн көзү ооруга чалдыкканын билбегендер көп

92
Улуттук кызыл жарым ай коомунун координатору Салтанат Абдыжапарова аталган уюм 2019-жылы Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын ооруканаларын көзгө операция жасай турган заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздаганын айтты.

Кызыл жарым ай коомуна караштуу Саламаттыкты сактоо департаменти өлкө боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрдөн улам, көз ооруларына чалдыгып, бирок анысын билбей жүргөн адамдардын саны көп экени аныкталган. Бул тууралуу Салтанат Абдыжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн тоолуу аймактарында көздүн ичин чел кабык жаап калган птеригиум оорусу көп кездешет. Аталган илдетке кабылган адамды убагында дарылап операция жасабаса, ал сокур болуп калышы ыктымал.

"2019–жылы Кызыл жарым ай коомунун Саламаттыкты сактоо департаменти республика боюнча атайын изилдөө жүргүзгөн. Анда өлкөдө көз ооруларына чалдыгып, бирок анысын билбей жүргөндөр көп экени аныкталды. Муну медициналык мекемелердин берген маалыматы да тастыктады. Мисалы, бир көзү көрүп, экинчиси начар көргөн адамдар ага көп деле маани бербей эле жүрө берерин билдик. Анын бара-бара сокурдукка алып келери тууралуу алардын баарында маалымат жок болуп чыкты. Мындан улам Кызыл жарым ай коому Швейцариянын кызыл чырым уюмунун каржылык колдоосу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустук ооруканаларына жана алты Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна көзгө операция жасай турган заманбап медициналык жабдуу алып берди. Мындан сырткары, көзү начар көргөн жетим балдарга жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөдөн чыккан наристелерге акысыз көз айнектер берилди", — деди Абдыжапарова.

Ал аталган коомдун ыктыярчылары бүгүнкү күндө да өлкөнүн башка аймактарын кыдырып, каалоочулардын көздөрүн текшерүү менен тийиштүү кеп-кеңештерин берип жаткандыгын кошумчалады.

92
Белгилер:
Медициналык жабдуу, медицина, көз