Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова. Архивное фото

Бообекова: ата мээрими кыз баланын кийинки жашоосу үчүн өтө маанилүү

160
(жаңыланган 18:16 02.01.2020)
Психолог, педагогика илимдеринин кандидаты Кадиян Бообекова ата мээримин көрүп чоңойгон кыз менен, бала кезинде бул мамиле жетишпеген кыздардын тагдырында чоң айырмачылыктар байкалаарын айтты.

Кыз кишинин келечектеги жашоосу үчүн ата мээрими өтө маанилүү. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыздардын турмушка чыгып, никеден бактылуу же бактысыз болоруна кичинекей кезинде атасынан көргөн камкордугу олуттуу таасирин тийгизет.

"Балдардын келечек тагдырынын тигил же бул багытта болуусуна ата-эненин мээрими өтө маанилүү. Анын ичинен кыз киши үчүн атасынын камкор мамилеси анын үй-бүлө куруудагы, эркектерге, жалпы эле дүйнөгө болгон көз карашынын калыптанышы үчүн олуттуу орунду ээлейт. Мисалы, ата мээримине суусап чоңойгон же жаман мамиле көргөн кыздарда эркектерге болгон жек көрүү пайда болушу мүмкүн. Ал 2-3 жолу никесин жаңыртып, кичинекей кезинде жетпей калган мээримди күйөөсүнөн талап кылып, туталанып, үй-бүлөдө уруш-жаңжалдар чыгышы толук ыктымал. Кичинекей кезинде бардык наристелер сыяктуу эле кыздарга да атасы идеалдуу адам сезилет. Бирок улам чоңойгон сайын айланасын көрүп, башка эркектерге салыштырып, атасына болгон сыйы артат же таарыныч, ал тургай өзү байкабай эле жек көрүү пайда болот", — деди Бообекова.

Психолог балдарды ашыкча эркелетип, ою менен болуу да жакшы жыйынтык бербей турганын кошумчалады.

160
Белгилер:
ата, бала, кыз, Кадиян Бообекова
Тема боюнча
Бообекова: көрө албастык — психологиялык оору